www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары чет элдик жарандарга билим берген окуу жайлар жаандан кийинки козу карындардай эле жайнап чыкты. Алардын социалдык төлөмдөрдү, салыкты кандай төлөп жатканын саресеп салган киши жок. Жетекчилери айранды каалагандай чалып жаткан учур. Мына ушул маселени "Республика" партиясынын алдыңкы депутаттарынын бири Аида Исмаилова ЖКнын жалпы жыйынында айтып чыкты.

Депутаттын маалыматы боюнча, Кыргызстандан окуган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим алышат. Болжол менен айтсак, 1 студенттин бир жылдык билим алуусу 150 миң сомго чейин жетет экен. Ошондо бизде канча чет элдик жаран билим алат? Алардын каражаттары кимдин капчыгын кампайтып жатат?

- Муну кандай түшүнсө болот? Казынада акча жок деп эле жүрөбүз, бирок жогорку окуу жайлардан миллиондогон акчалар бюджетке түшпөй жатпайбы, -дейт эл өкүлү.

Исмаилова мамлекеттик салык кызматына кайрылган. Колуна тийген маалыматка ылайык, Кыргызстан эл аралык университетинде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына салыштырмалуу төрт эсе көп чет элдик жарандар билим алат дагы, бирок салыкты бирдей өлчөмдө төлөшкөндүгү анык болгон, -деп "Факты kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости