www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында эки тарап бири-бирине таш ыргытып, кыргызстандык эки адамга таш тийип, ооруканага алып кетишкен. Социалдык тармактарды учурда эки мамлекеттин ортосундагы алака талкууга алынып, Өкмөт башчы Мариповго карата сын күчөдү.

Андан сырткары журналист Гулкайыр Абдиманнап кызы тажик тарап атайын "окопторду" казып жатканын жазып, сүрөттөрүн социалдык тармакка жүктөдү.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына жакын жерде Ак-Суу дарыясынын суу бөлүштүрүүчү жайында ("Головной") тажик тарап электр мамысына видео байкоо камерасынын экинчисин орнотуп жаткан учурда аларды Кыргызстандын чек арачылары токтоткон.

Кырдаал боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан учурда Тажикстан тараптан ок атылган. Окуя боюнча коңшу өлкөнүн расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов быйыл 3-февралда Жогорку Кеңеште Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга берилгенин билдирген. Кийин “Головной” эмес, “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келгенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек аранын 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкенин айткан.

Дүйшөмбү 2016-жылы кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, Кыргызстан бул ишти аягына чыгара электигин кошумчалаган. Кыргыз тарап бул билдирүүгө жооп берген эмес. Бул тууралуу маалыматты Азаттык жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости