www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция «Талибан» өкмөтүн таануудан баш тартты

Франция Ооганстандын жаңы бийлиги «Талибан» өкмөтүн таануудан, алар менен алака куруудан баш тартат. Мындай пикирин Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан France 5 телеканалына берген маегинде билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Министр өз сөзүндө «Талибан» өкмөтүн жалганчылыкка айыптаган. Анын айтымында, «Талибан» өкмөтү өлкөдөн чыгып кетүүнү каалагандарга тоскоол болбоо, өздөрүнүн көзөмөлүндө болбогон Ооганстандын аймактарына гуманитардык жардам жөнөтүүгө уруксат берүү, аялдардын укугун коргоо, «Ал-Каида» террордук уюмунан кол үзүү, бардык катмардын өкүлдөрүнөн турган инклюзивдик өкмөт түзүү сыяктуу убадаларынын бирин да аткарган эмес.

«Биз аларга бир нече шарт койдук. Эми аракетин күтөбүз», — деген Франциянын министри.

Белгилей кетсек, ушундай эле билдирүүнү буга чейин АКШ президенти Жо Байден жана Европадагы айрым өлкөнүн башчылары да жасаган болчу. Ошол эле учурда Европа Биримдиги «Талибандын» жеңишин тааныганын расмий маалымдаган.

Эске салсак, 15-августта «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Кабулду ээлеп алып, Ооганстандагы бийликти колго алышканын жар салган. Учурда талибдер өлкөсүндөгү бардык аймакты өздөрүнө каратып, бийлик жүргүзүү үчүн жаңы өкмөт курады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости