www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катар бийлиги футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат маалында стадиондордо пиво сатууга тыюу салды. Бул тууралуу ФИФА билдирди.

Федерация Катар бийлиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин пиво сатуучу жайларды фан-зоналар жана башка лицензиясы бар жайларда гана калтыруу чечими кабыл алынганын тактады. Бул чечим алкоголсуз сыраны сатууга таасирин тийгизбейт.

Белгилей кетсек, ФИФА Budweiser бренди менен (эң ири сыра өндүрүүчү AB InBev холдингине таандык) 75 миллион долларга демөөрчүлүк келишимин түзгөн.

Дүйнөлүк чемпионаттын стадиондорунда пиво сатууга тыюу салууга эмне себеп болгонун ФИФА билдирүүдө тактаган эмес. «Таймс» гезитинин жазганына караганда, пиво сатууга тыюу Катар бийлигинин кысымы менен киргизилген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости