www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Администрациясынын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси Галина Байтерек "Мага Олимпиада оюндарынын жабылышына катышуу мүмкүнчүлүгү берилди" деп билдирди.
--"Жеңишке карай, алга! Урматтуу кыргызстандыктар!
Мен Сиздерге абдан маанилүү чакырык менен кайрылуудамын - бүгүн Кыргызстандын мыкты спортчулары өлкөбүздүн ар-намысын, кадыр-баркын коргоо үчүн Японияда. Аларга азыркы учурда биздин жылуу сөзүбүз, колдообуз, мекенчилдигибиз абдан маанилүү! Биздин спортчуларыбыз кандай жыйынтыкка жетишкенине карабастан алардын аракетин, алдыга койгон максаттарын бийик баалап, алар менен ар дайым сыймыктанабыз!
Жайкы Олимпиада оюндары – дүйнөлүк спорт жаатындагы эң бир олуттуу саамалык жана жалпы элибиз бир муштумдай түйүлүп, бирдиктүү, жагымдуу импульс менен спортчуларыбызды сүрөп турганыбыз өтө маанилүү! Дал ушундай колдоону биргеликте көрсөтөөрүбүзгө мен толук ишенем!
Бүгүн Токиодо биздин жооптуу жетекчилер сыймыктуу спортчуларыбыз менен бирге болуп, алардын машыгуусу жана мелдештерге ийгиликтүү катышуусу үчүн керектүү шарттарды түзүү, кам көрүү боюнча бардык аракеттерин көрүүдө. Мага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси катары Олимпиада оюндарынын жабылышына катышуу мүмкүнчүлүгү берилди. Мен бул үчүн Япония тарапка жана Эл аралык Олимпиада комитетине терең ыраазычылыгымды билдирем.
Мен азыркы учурда Бишкектемин, миллиондогон кыргызстандыктардай эле биздин ар бир спортчунун оюндарга катышуусун кунт коюп байкоо менен бирге аларга эң жогорку ийгиликтерди каалайм! Алга Кыргызстан!", - дейт Галина Байтерек.
Кошумчалай кетсек, Японияда жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат.
Булак: NazarNews.kg