www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Сапар Исаков түрмөдөн качып, «даң салып» жүргөнүнө октябрда бир жыл болот. Ал 2020-жылдагы башаламандыктан пайдаланып Атамбаев, Бабанов менен биригип 9-октябрда бийликти алууга аракет кылган. Эгер анын колуна бийлик тийгенде далайларды жанчып, сыздатмак. Арийне, бийлик Жапаровдун колуна тийип, башкаларды ордуна камакка алып барса, Исаков сызган бойдон Канттагы Орусиянын авиабазасына барган. Ал жерден 17 млн. рубль айлык алган, мурдагы Ленинграддын кримдүйнөсүнүн кассири Миллер кол алдындагы «Газпромдун» учагы менен Орусияга алып кеткен. Ошол бойдон Миллер аны кымбат тамак менен багып, кокус Кыргызстанда бийлик алмашып кетсе деген принцип менен бапестеп жатат. Бийлик алмашуу Кыргызстан үчүн оюнчук нерсе болуп калды. Камакта жатасыңбы же тамак ичип жатасыңбы автоматтын деле кереги жок, таштан чогултуп таш менен куралданып, бийлик талашып келе жаткандарды ташбараңга алган тарап бийликке жетишет. Экинчи тарап жеңилип берип, камактан качып чыккандары камакка, тамак ичип жаткандары тамакка жөнөшөт. Сапар Исаковго окшогондору «Газпромдун» лидери Миллерге жабышып, Орусияга кире качат. Орусияга теңелип айланабызбы, бирок сөз кылып койсок болот. Кантсе да учурунда бир мамлекет эмес белек.  Миллердин “Газпром” менен кошуп алгандагы бюджети жалпы Кыргызстандын бюджетинен көп экени белгилүү. Чет мамлекеттик “Вашингтон пост” гезитинин жазганына караганда Миллердин айлык маянасы 17 миллион рубль.

2013-жылы Миллер “Кыргызгазга” көз арта баштайт. Кыргызстандан Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу газ деле чыкпайт. Түркмөнстан 2009-жылдан баштап Орусияга газды бергенди токтотуп Иран аркылуу кете турган  башка газ кууру аркалуу чет мамлекетке чыгарып жатат,  Өзбекстан менен Казакстан “Газпромго” газын беришет. Бир жаман жери мурунку президенттердин учурунда Ташкенден газ алчубуз. Ал кездеги Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кыштын эң суук күндөрү газды өчүрүп салып, Бишкек «Какаганга муштаган» болуп газы жок калчу. 2013-жылы “Кыргызгаз” “Газпромго” символикалуу 1 сомго сатылган. Андан көрө кыргыздар акчага тойгонбуз бекер эле беребиз деп коюшса болмок. “Газпром” “Кыргызгазды” алган соң бир топ аймактарга газ кийиребиз деген милдеттенмелерин алган. Анын ичинде Чүйдүн түштүгүн газ менен камсыз кылуу милдети бар эле. Билим берүүгө салым кошолу деген. “Газпром” акыркы замандагы мектеп курду, бирок анын кымбаттыгынан улам акчасы чамалуу кыргыздар чыдай алышпайт. Ушуларды эске алып 2013-жылы парламенттин бийик трибунасынан Ахматбек Келдибеков Атамбаевдин арамзалык пландарынын бетин ачкан. Анын акыйкатты ачканы үчүн Атамбаев артынан сая түшүп, 2013-жылы ноябрда жалган жалаа менен каматып, артынан өзүнө тиешелүү маалымат каражаттары менен шыбаткан. Аны Мелис Мырзакматов баш болгон Ош шаары дүрбөп колдоп чыккан, ошону менен Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашев сыяктуу десанттар Ошко келишип Мырзакматовдун өзүн кубалап түшүп, куугунтукташкан.

Атамбаевдин кыялы Кремлди пааналап жүргөн Сапар Исаковго кандай жол менен болсо да мамлекет башчысын алып бериш керек болуп калды. Бул үчүн адамдын каны төгүлсө да бары бир. Себеби эмнеде?

1.Алмазбек Атамбаевдин башкы максаты Сапар Исаков болобу же Абдил Сегизбаев болобу, эптеп тайм-аут алып, анын сөзүн сүйлөгөн адам мамлекет башына келиш керек. Азыр ичинен тымпыйып жаткан  Алмазбек Атамбаев бийликтин «эки тизгин, бир чылбыры тийген соң» анан көргүлүктү көрсөтөт. Сапар Исаковду Алмазбек Атамбаев өч алуу максатында бийлик башына түртүп турат. Кандай бийлик колго тийери менен  Алмазбек Атамбаев эң биринчи кезекте өзүнүн кандосу экс-президент Сооронбай Жээнбековго «тирүүнүн тозогун» көрсөтөт. Андан кийин бийликтен кеткен соң Атамбаевге акаарат келтирген бийлик мыкчыгерлери, Иса Өмүркулов сыяктуу «хамалеон» депутаттар, Атамбаевди сатып кетишкендер кезекте турат.

2. Калыгул олуянын айткандары тарыхий жактан далилденген. Анткени, Калыгул олуя Ормонду сынап жатып, сарбагыштарга карата айтып кеткен, «удаа келбейт, бирок үзүлбөйт» деп. Тарыхий жактан анын айткандары дал келди. Ормондон соң сарбагыш Жантайдын уулу Шабдан аркалык кыргыздарды көздөп калган. Совет бийлиги келгенде сарбагыш Баялы Исакеев өкмөт башына келген. Андан соң сарбагыш Турдакун Усубалиев жыйырма беш жыл Кыргыз ССРин бийлеп турду. Сарбагыш Аскар Акаев он беш жыл президент болгон. «Удаа келбейт, бирок үзүлбөйт» деген сөздү бекем туткан Атамбаев сарбагыш (сарбагыш ичинен Койлубай) Сапар Исаковду мамлекет башына көтөрүүнү чечкен. Бул жерде трайбализмдин жыты буркурап турат. Саяктар мамлекет башкарбаса, кантип саяк Абдил Сегизбаевди президентке түртөт?

3. Атамбаев дале өзү дос ойлогон Путинден күдөөрүн үзө элек. Путин чоң саясатчы ошол үчүн бийлик менен да оппозиция менен да тил табыша турган адамдары бар. Ким бийликке келсе да Путин менен иштеп кетпесе, орустар  бизди камсыз кылбаса, АКШ бизге “шакалат” бербейт эмеспи. 2020-жылдын октябрындагы башаламандыктан пайдаланып, камактан чыкканда  Алмазбек Атамбаев бийликти Бабанов аркылуу мыкчып каларын ойлогон. Аны менен кошо чыккан Сапар Исаков түрмөгө башкаларчылап кайра кайтып келген эмес. Ал шимшилеп жүрүп, жер жуткансып жок болгон. Ошол бойдон дайыны жок былкылдабай калган.

4. Атамбаев мамлекетти жетектеп турганда “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 долларга саткан. Бирок “Газпром” жең ичинен бирдеме берсе бергендир, ошондон бери Кыргызстанга кыйратып деле эч нерсе кылган жок. Сапар Исаковдун качышына “Газпромдун” аттуу-баштуу атка минерлери түрткү болгон. Диңкилдеген бойдон качкан Сапар Исаковдун демине-дем кошуп Канттагы орусиялык базадан учуруп кетишкен. Аны жашырып да коюшпаптыр. Учурда Сапар Исаков Москванын Кремлинде кагаз чиймелеп жооптуу иштерди аркалайт. Орусияга да түшүнсө болот, Кыргызстанда улам бийлик алмаша берип, Кремлди да жүдөтүп бүттү. Ошондуктан, Сапар Исаковго окшогон келечектен үмүт оту жылт эткендерди “барымтага” кармап турбаса да болбойт да. Андан тышкары Сапар Исаков президент болсо, Кремль Атамбаев менен да алаканы түздөп калат.

5. Алмазбек Атамбаевдин Сапар Исаковду колдогон мындай аракетине азыркы бийлик тоскоолдук деле кылбайт. Атамбаевдин бийликте турганда Президент Садыр Жапаровду жөн жерден эки ирет камап, кескилеп, жакын туугандарына топурак салдырбай койгонго чейин барган ким экенин эл билет. Азыр түрмөдө жатса да Алмазбек Атамбаевдин соцтармакта пиар кампаниясы жакшы жүрүп жатат. Командасы катуу иш үстүндө. Өзү эч кандай «куспай» турганын билдирип, жакында түрмөдөн чыгарын айта баштады. Башкысы саясий күрөштү улантарын, Москвада атайын кызматтын көзөмөлүндө жүргөн Сапар Исаковду келечекте президент кылуу үчүн, башынан аягына чейин күрөшүүгө чамына баштады. Алдыда чоң оюндар башталары күтүлүүдө. Биринчи аракеттер күздөгү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша көрүлөрү бышык. Мындан ары мамлекетибиз төңкөрүштү көтөрө албасы сезилип турат, бирок Феликс Кулов китебине жазгандай Атамбаев «миңдеген адамдардын каны акса да» бийликтен баш тартпасы бышык..

6. Атамбаевдин бийлигинен пайдаланып Сапар Исаков эмне иш бүтүргөн? Өмүрбек Бабанов экөө фирма түзүп “Манас-Ганси” аркылуу АКШтан миллиондорду соргонун айтпай эле койолу. 2013-жылы Атамбаевдик президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков ТВЕАны 386 млн. долларга таап келген. Үч жыл мурун 2010-жылы февралда ЦАРИИ дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 млн доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн. долларга сунушталган маселени караган. Ал кезде ЦАРИИнин коммуникациясын Сапар Исаков жетектеп турган. Эмне үчүн 150 млн.долларга бүтө турган ТЭЦти үч жылдан кийин 386-млн. долларга оңдотууга келишим түзүштү?

Ошол эле кезде Фергана ТЭЦи 83,6 млн долларга оңдотулган. Салыштырып көрүңүздөр дээрлик беш эсе кымбат оңдотконбуз. Тажикстандын Дүйшөмбү-2 ТЭЦи 180 млн долларга ишке кирген. Өзбекстандын Туракурган ТЭЦи, Казакстандын Семей ТЭЦ-3, Караганда ТЭЦ - 4 ТВЕА компаниясына жалдырабай эле, кээ бирөө КазакКомСистема сыяктуу өз компаниялары менен оңдотушту. Ал эми тарых музейин 100 миң сомдук орундуктарга толтуруп, акчаны чачканы тууралуу өзүнчө сөз.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту ТЭЦти модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде Сапар Исаковду 15 жылга кескен. «Уруунун орду» президенттик такта эмес «түрмөдө» деп бекер жеринен айтылган эмес.

7. Эгер Алмазбек Атамбаев азыркы бийликтин тилип таап камактан бошонсо эмне болот? Атамбаев абактан чыгары менен, азыркы бийликти уруп да ойнобойт. Ал  Сапар Исаковду президент кылууга жан үрөп, кыргыз элинен терисин тескери сыйырып, чогултуп алган миллиарддаган акчаларын чачат. Бирок, үч нерсе бар. Биринчиден, түрмөдөн качып жүргөн Сапар Исаков мыйзамдуу мамлекет башчысына талапкер боло албайт. Ошондуктан, Убактылуу Өкмөт сыяктуу бийликти тартып алууга аракеттер жасалышы мүмкүн. Экинчиден, мейли башка кылмышкерлер качсын, учурунда мыйзамдардын төбөлү болуп жүргөн өкмөт башчысынын качып жүргөнү кандай? Үчүнчүдөн, түрмөдөн качып чыккандар соттон шарттуу кутулмайын  Интерполго кайрылса, эки колун кишендеп туруп алып келчү эмес беле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости