www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин маалымат саясатын тескери жүргүзүү менен таанылган Галина Байтеректин ким экени көп өтпөй билинип, таасири кум сепилдей урай баштаганы байкалды. Элементардуу тексттерди ката жазып, пиар иштеринен аксап, артка тарткан ишмердигин унуттуңарбы?

Ошентип, иштей албай, аппараттын билим тармагын тескеген бөлүмгө которулуп кеткени, ал жактан да мүдүрүлүп, акыркы кезде ара жолдо калгандай.

Жалпы жамаат анын терең эместигин, деңгээлин билип калышып, жаа бою алыстап калыштыбы? Иш жүзүндө Галина Байтеректин боёнуп эле жүргөнү болбосо, башка мактанчу мыдыры деле калбаптыр.

Бир жыл жакшы эле шапар тепти, эми профессионалдарга жол бошотуу кезеги келди го? Же бүтүндөй президенттик аппаратка көлөкө түшүрүп, назданып отура береби?

Маселе кырынан турат, чечиш керек да!

Булак: Азия News гезити

Последние новости