www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы Шереметьево аба майданында бүгүн, 7-октябрдын таңында, учуп барган болжол менен Кыргызстандын 300дөй жараны кармалып турганы тууралуу маалыматтар социалдык медиада таркап жатат.

Алардын эмне себептен кармалып жатканын билүү үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен аэропортко юристтер барганы кабарланды.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда бала-чакасы менен учуп барган кыргызстандыктардын ID карталары чогултулуп алып, ар бири бирден өткөрүлүп, Орусияга келген максатын сурап жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Элчиликтин басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна бул окуя боюнча юристтер аэропорттон кайтканда дагы толук маалымат берилээрин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости