www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүй чыры... Бабановго каршы таластыктар митингге чыгабы?

Камалгандан кийин Өмүрбек Бабанов ооруга шылтоолоп, чет өлкөгө чейин эс алып келгенге үлгүрдү. Бирок баш айландырган кылмыш иштеринен азырынча кутулуп кетпесе керек.

Образдуу элестетсек, кайырмакта илинип турат. Жалакай жаңы түрмөнүн түйшүгүн көтөрө албаганы ырас, аныгында, жалдырап жатып бошонуп кеткени осолдук го?

Мамлекетке күрөө катары миллиондорду койгонбу? Казынабыз какшып турганда аябай эле «кустурушпайбы»?..

А эң кызыгы, Бабановдон жердештери да түңүлүп, каршылык көрсөтүү иретинде митингге чыгаары канкууланды. Жерүйдү иштеткен «Алтын Альянс» компаниясын да 20 пайыз энчисин жашырып жүрдү беле?

Дал ушул байлыгы аныкталса, таластыктар социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга киришээрин айтууда.

Алтындан түшкөн кирешени өзү гана басып жатпай, кыйналган эл менен да бөлүшсүн да, туурабы?

Качанкыга чейин алдаркөсөдөй алдай берет? Жердештери жаалданып чыкса, аргасы түгөнүп, элдин ырыскысын кайтарабы? Көрө жаталы.

Булак: Азия News гезити

Последние новости