www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-2 күн суук болду, кыламык кар жаады, күз-кыш мезгилине даярдык «нөл» экени билинип калды, деди бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков.
Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык август айында каралыш керек болчу.
«Болот деген суу болгон жок, толот деген суу толгон жок. Көмүр жок, толгон элде көңүл жок дегендей. Жетекчилердин жоопкерчилигин карай турган мезгил келди.
Ал ортодо айрым маалымат каражаттарында Ширшов («Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов) келип кетиптир, тиги менен, бул менен жолугуп чыгыптыр деп айтылды. Ширшовдун келгени чатак эмес, «Ширшовдун схемасы» чатак.
Кеп Ширшовдун таманында эмес, кеп Ширшовдун заманында. Кеп Ширшовдун кадамында эмес, кеп Ширшовдун адамында. Мына Ширшовдун убагындагыдай электр жарыгы өчүрүлүп баштады. А булар аны пландык өчүрүүлөр деп атап алышты. Ким ишенет?
Азыр Чүйдүн жарымында электр жарыгы жок. Оңдоп-түзөө иштери дейт. Оңдоп-түзөө иштери июнь, июль, августта кылат да. Кыш түшкөндө кылабы? Өздөрү «биз жөн эле имитация кылып жатабыз» деп айтып жатышат», - деди Момбеков.
Булак: NazarNews.kg