www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Gazeta.uz көз карандысыз гезити Өзбекстандагы конституциялык реформалар жөнүндө чыккан макалаларын өчүрүүгө мажбур болду. Редакциянын маалыматына караганда, басылма президенттик мөөнөттү 5тен 7 жылга көтөрүү жөнүндөгү макаладан кийин “троллдордун чабуулуна” кабылган.

"Көңүл бургула! Gazeta.uz макаладагы комментарийлерде троллдордун толкунуна туш болду. Комментарийлер бир эле же окшош IP-адрестер менен жазылууда, ар түрдүү автордун атынан жазылган айрым билдирүүлөрдүн маңызы окшош. Алар абдан көп. Редакция фейк комментарийлерди жарыялабоо укугун колдонот", — деп айтылат билдирүүдө.

Троллдордун комментарийлеринде азыркы учурда Өзбекстанга Шавкат Мирзиёевдей күчтүү лидер керектиги, ошондуктан алар президенттин ыйгарым укуктарын 5тен 7 жылга көтөрүүнү кубаттай турганы айтылган.

Басылманын андан мурдараак жарыяланган: “Конституциялык реформа: бизди эмнеге даярдап жатышат” деген аналитикалык макаласы да өчүрүлгөн.

25-июнда Өзбекстан Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Gazeta.uz “Конституцияда Каракалпакстандын макамын өзгөртүү сунушталууда” деген ат менен макала даярдаган.

Анда Өзбекстандын азыркы Конституциясында Каракалпакстан суверендүү республика катары референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгууга укуктуу экенин жазылган. Баш мыйзамдын жаңы редакциясында бул процедура алынып салынган. Кийинчерээк бул макала да сайттан өчүрүлгөн.

Өзбек билиги көз карандысыз басылманын сайтынан макалалардын өчүрүлүшү жана редакциянын троллдордун чабуулуна кабылышы боюнча комментарий берген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости