www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ымыркайларды саткан интернет-сайт аныкталды

Алматы шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу боюнча жарнактар жарыяланган интернет-сайт аныкталды. Бул тууралуу шаардын прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ымыркайлардан кутулууну каалаган аялдар аларды интернет аркылуу сатууга аракет кылышкан. Сайтта балалуу болууну каалагандардын жарнактары да бар.

Прокуратура мындай аракеттерге мыйзам тарабынан тыюу салынганын баса белгиледи.

Прокуратура сотко кайрылып, аталган сайт мыйзамсыз деп табылып, Казакстандын аймагындагы ишмердүүлүгү токтотулган.

Полиция аталган сайт боюнча тийиштүү териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости