www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө мунай баасы жогорулап жатканына байланыштуу Тажикстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын наркы мындан ары да кымбаттайт. Бул тууралуу «Газпром нефть – Тажикстан» компаниясы билдирет. Тажикстан күйүүчү майды, негизинен, Орусия жана Казакстандан экспорттойт.

Душанбеде газдын баасы акыркы күндөрү 7.30 сомониден 7.80 сомониге (1 сомони -7,52 сом) чейин кымбаттады. Бензин жана дизелдик отундун баасы да өсүүдө. «Газпром нефть – Тажикстан» компаниясы күйүүчү-майлоочу майлардын баасы акырындык менен ноябрдын башына чейин көбөйө турганын четке каккан жок.

Компания А-95 үлгүсүндөгү бензиндин литри 11 сомони 10 дирамга; А-92 - 10 сомони 90 дирамга; солярканын литри 10 сомони 50 дирамга чейин кымбаттай турганын божомолдоодо.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы мунай өнүмдөрү рыногунда абал көзөмөлдө экенин жана күйүүчү-майлоочу майлардын баасы өзүм билемдик менен жогорулатылган учурда компанияларга катуу чара көрүлөөрүн билдирүүдө.

Тажикстанга ташылып келген бензиндин 40 пайызы «Газпромнефть-Тажикстан» компаниясына таандык. Өткөн аптада Душанбе мэриясы 10-ноябрдан баштап коомдук транспортто жол кире кымбаттай турганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости