www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана Грузиянын коргоо министри Жаншер Бурчуладзе менен чогуу кол койгон келишим Остиндин Кара деңиздеги союздаштарына жасаган алгачкы сапары алкагында түзүлдү.
Анда АКШ Грузиянын куралдуу күчтөрүн колдоону улантаары айтылат. Куралдуу күчтөрдү колдоо боюнча 2018-жылы май айында түзүлгөн келишимдин мөөнөтү жаңы жылда бүтмөк.

Пентагондун маалыматында жазылгандай, АКШ жана Грузиянын коргоо министрлери 18-октябрда кол койгон жаңы келишим "эки тараптуу мамлекеттик кызматташтыктын жаңы этабы болмокчу".

Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин Кара деңиз аймагындагы үч өлкөгө багытталган сапарынын алкагында 18-октябрда Грузияга келген. Грузия узак убакыттан бери Түндүк атлантикалык аскердик альянска (НАТО) мүчө болууну көздөп келет. Учурда Грузия НАТОго өнөктөш мамлекет.

2008-жылы Орусия менен Грузиянын ортосунда дээрлик беш күнгө созулган согуш чыккан. Андан бери орус күчтөрү Грузиянын Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарында кала берген. Москва Грузиянын НАТОдогу макамын жогорулатууну көздөгөн бардык аракеттерге каршылыгын билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости