www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жезтумшуктар биздин күндө барбы?

Бул окуяны бир аксакалдан уктум эле, укмуштуудай коркунучтуу нерсени башынан өткөргөн экен. Анын айтуусунда, Жолоочу-аксакал жаш кезинде, кийин таланып-талкаланып кеткен колхоздун жылкысын кайтарчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде жылкы кайтарып жүрсө, заматтын ортосунда аба-ырайы бузулуп, алай-дүлөй бороон башталат.

Кыштын күнү болгондуктан айлана тез эле бурганактап, көзгө учкан карлар тийип, сууктан бети-башы тызылдап, ачышып кирет. Колхоздун жылкысын таштай коюп, жылуу сарайды көздөй кетип калууну ойлойт, бирок ал мезгилдеги адамдар ишенип берген ишин таштай турган эмес, анын үстүнө ошол жакта улуп жүргөн ач-карышкырлар жылкыларын жара тартып кетеби деп коркот.

Бул бороон ичи-тыштан кирип Жолоочу-аксакал суукка тоңо баштайт. Жылуулук издеп башына жакшы ой келет. Ошол тегеректе тоо этегинде аска-зоонун боорунда бир үңкүр бар экени эске түшөт. Мурун ал үңкүрдүн жанынан ары-бери өтүп далай ирет көргөн Жолоочу-аксакал ага анча деле маани бербеген экен.

Ушундай түү деген түкүрүк тоңуп калган суукта ага эртерээк жетип, бир аз жылына турууну туура көрөт. Жолоочу-аксакал минип жүргөн атын камчыланып, ошол үңкүргө тез эле жетип барганы менен, атты үңкүрдүн жанына тушап койойун десе, эки кулагын, кошкуруп тикчийтип үңкүргө жолобой койот.

Жолоочу аксакал атын алысыраак жерге тушап коюп, өзү шаша-буша үңкүргө кирип барат. Далдоо болгондуктан ал жер кадимкидей жылуу экен. Суукка тоңуп бараткан Жолоочу-аксакал үңкүрдүн ичинен чыккысы келбей калат. Бир аз жылынып, өзүнө келип алган соң, аксакал көөшүлүп эмнегедир уйкусу келе баштайт.

Кирпиктери жабыша баштаган Жолоочу-аксакал үстүнө кийинген ичигине оронуп, бир аз жата турайын деп ойлойт. Көөшүлүп бараткан адам ошол бойдон уктап кетет. Бир кезде уйкусуроо менен кимдир бирөө аны сүйрөп баратканын сезет.

Арийне, көзүн ача албай койот. Кайра көшүлүп уйкуга кирет, бир топ убакыттан кийин уйкудан ойгонуп көзүн ачып айланасын карап, жүрөгү кабынан чыгып кете жаздайт. Үңкүрдүн түбүн көздөй Жолоочу-аксакалды кимдир бирөө сүйрөп кетет. Башын көтөрө салам деп кайра эс учун жоготуп койо жаздайт.

Бет маңдайында бети-башын бырыш баскан, оозунда эки гана тиши бар, ээги кемшейген, көздөрү кишинин жүрөгүн түшүрө тургандай акшыйган, чачы саксайган, кийими жыртык жезтумшук кебетеленген бирөө аны карап отурган экен. Эсине келгенин көрүп, үңкүр ичин жаңырта күлүп койду дейт. Тура калгысы келген Жолоочу-аксакал ордунан козголо албай койот. Тиги жезтумшук кебетеленген бирөө эми шашпай кыймылдай баштаган экен.

Ортодо жагылып жаткан отко жыгачтан таштап койду дейт. Мени куйкалап жеген атабы деген түкшүмөл келди дейт Жолоочу-аксакал. Анан нарыраакта турган добулбас сыяктуу аспапты алып, аны жыгач менен ургулап жезтумшук кебетеленген бирөө бир кызыктай добуш чыгарып, кыркырап отту тегерене баштаптыр.

Жолоочу-аксакал байкаса колдорун байлап койгон экен. Жезтумшук кебетеленген бирөө тигинтип жатканда Жолоочу-аксакал колун чечип алат. Жезтумшукка көрүнбөй эшикке качып чыгайын дептир. Аңгыча эшиктин алдында кайдан-жайдан көк жал карышкыр пайда болуп, эки кулагын тикчийтип улуп кириптир. Анын үнүн уккан жезтумшук кебетеленген бирөө ачуу чаңырган бойдон обочороок турган бычакка жеткиче, тиги карышкыр алкымдан тиштептир. Ошол бойдон алкымдан тиштеп карышкыр койо бербей турду дейт Жолоочу-аксакал.

Жезтумшук кебетеленген түрү суук неме коркулдап, эки көзү акшыйып Жолоочу-аксакалды тиктептир. Жезтумшуктун көзүнөн от чагылышып жардам сураганы же жек көргөнү белгисиз. Негизи, жек көрүү менен карап турду дейт. Бир кезде эки көзүнөн, оозунан кан сызылып агып, жезтумшук кебетеленген түрү суук неменин коркулдаган үнү тып басылат.

Бирок эки көзү жек көрүү менен тиктеп калат. Карышкыр эшикке чыгып кетет. Ал кетээри менен Жолоочу-аксакал да шашып-бушуп сыртка чыгат. Ушунчалык корккон жаны алысыраак турган атына эптеп жетип, тушамышын чечип, чапкан бойдон сарайга жетет. Сарайда дагы эки жылкычы бар эле дейт Жолоочу-аксакал. Аларга болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Жолоочу-аксакалдын сөзүн угаар менен алар мылтыктарын октоп, үңкүрдү көздөй бет алат.

Көп болсо бир сааттай эле убакыт өткөн экен үңкүргө кирип эле шалдайып туруп калышыптыр. Ортодо жагылган от али өчө элек экен. Анын жанында самсаалаган жезтумшук кебетеленген түрү суук неменин канжалаган кийими жатат, бирок өзү жок. Баргандар Жолоочу-аксакалдын сөзүнө ишенээрин же ишенбесин билбей калыптыр.

Ишенели десе жезтумшук кебетеленген түрү суук неменин өзү жок, ишенбейли десе кийимдери жатат. Ошол жезтумшуктун коркунучтуу көздөрү Жолоочу-аксакалдын көзүнө дайым тартыла берет экен. Деги мындай сырдуу-табышмактуу окуялар ушул күнгө чейин болобу? Жез тумшуктар биздин күндө барбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости