www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда жергиликтүү бийлик коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатындаа чектөөлөрдү катаалдатууга даяр. Бул тууралуу шаардын губернаторунун орун басары Борис Пиотровски маалымдады. Анын айтымында, 1-ноябрдан тартып 40тан ашуун киши катышкан чоң спорттук же маданий иш-чараларга катышуу үчүн адамдар QR-штрих кодун көрсөтүшү керек. Толук эмдөөдөн өткөн же акыркы 72 саатта вирусу жоктугун тастыктаган тестти көргөзгөн адамдар QR-кодун алууга укуктуу болот.

15-ноябрдан тарта чектөөлөр бассейндерге, фитнес-борборлорго, театрларга, кинотеатрларга, музей жана цирктерге да колдонулат. Беш миллионго жакын калкы бар шаарда чектөөлөр ресторандарга жана көпчүлүк дүкөндөргө 1-декабрдан тарта киргизилет. Станциялардагы жана аэропорттордогу кафелер, дарыканалар жана азык-түлүк саткан дүкөндөр чектөөлөрдөн бошотулат.

Санкт-Петербург коронавирус жукканы жаңы аныкталгандардын саны боюнча Орусияда Москвадан кийинки экинчи орунда турат. Орусияда COVID-19га чалдыккан адамдардын саны беш күн катары менен эң жогорку чекти көрсөтүүдө. Соңку бир сутка ичинде өлкөдө 34 325 адамдан коронавирус табылса, 998 бейтап COVID-19дан көз жумду.

Ушуну менен Орусияда коронавирусту жугузуп алган жарандардын расмий саны 8 миллиондон ашты. 220 миңден ашуун жаран өпкөнү сезгенткен илдеттен каза тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости