www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан кара чайыр цехинин аймагында өрт чыгып, үч өзбек жараны жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт. Билдирмеге караганда, цехте 16 чарчы метр кара чайыр күйгөн.

"Өрттөн үч адам жабыркаган. Анын ичинде 48 жаштагы Ж.М. аттуу кишинин денесинин 12 пайызы, 30 жаштагы Р.Н. аттуу адамдын терисинин 10 пайызы, 45 жаштагы С.А. аттуу адамдын денесинин жети пайызы күйгөн. Бардыгы Тез жардам кызматы менен ооруканага жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости