www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина кризиси үч башка жол менен аякташы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджердин Spectator журналына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.

Анын пикиринде, биринчи сценарий боюнча Орусия Донбасстын көпчүлүк бөлүгү болгон өнөр жай жана айыл чарба аймактарын, ошондой эле Кара деңиздин жээгиндеги тилкесин көзөмөлгө алат. Мында Москва жеңди деп эсептелип, НАТО чечүүчү ролду ойнобой калат.

"Экинчи вариантта Орусияны Крымдан сүрүп чыгаруу аракети болуп, бул нерсе жаңжалдын курчушуна алып келиши мүмкүн. Үчүнчү сценарий боюнча кырдаал кайрадан 24-февралга чейинки абалына кайтат. Анда тараптар чечим кабыл алуу маселесин кийинкиге жылдырып коюшу ыктымал", — деди АКШлык саясатчы.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости