www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Деми күчү барында эл аралап чыккан Назар аке эс алуу отпускасы башталып, дем күчтөргө суу себилерин эске алды.

«Ишеним» салаты

«Ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калба» деген кеп бар. «Ишенимдин» ишин илгерилетип жүргөн Арзыбек Бурканов кимдир- бирөөлөргө «ор казканга» уста. Анын үстүнө депутатка сүйрөп келген Аскар Акаевичтен бери Буркановдун колуна «карга чычкан». Ал депутат болгон соң мамлекетти башкарган Курманбек Салиевичке айтканды лып аткарган, тоодой жүктөн алыс качкан Буркановдой «кудайы момун» депутаттар керек эле. Бирок анын бийлиги алмашар менен Отунбаеванын көзүнүн кареги менен айланган Бурканов пайда болду. «Бай менен байбиче урушта болсо, кул казанда» дегендей Атамбаев менен Отунбаева чачташып атса Бурканов деген өзүм билем Баткенде чалчактап жатты. Жээнбеков келер менен Атамбаевди жиликтеп туруп садага чаап, ошол бойдон анысы түрмөдөн кутула албай жүрөт. Жээнбековдун эң таасирдүү адамы Бурканов Жапаров мамлекет башына келгенде эки колун көтөргөн бойдон, багынып берген. Бүгүн бир партияны көздөп, партия багынган боюнча бийликтин гана сөзүн тыңдап турат.

Даярдоо рецепти:

Чел  

Этин бийликтегилер жешсе, сөөгүн мурунку бийликтегилер мүлжүшсө челин ким жейт? Челин жегендер жерип, башка салаттарга өтүп кетпесе болду.

Бет

Рецепт боюнча тилинген беттен кошуп туруш керек. Кайдагы бет, бетке деген акча каражатын өөнөлүп отуруп, бети жок эле урдура баштады. Бети жок салат даамдуу болот экен.

Мээ

Ким бийликке барса бүгүлүп бара бергендиктен, салатка «мээ» жетишпей калган. Салат сүйүүчүлөр эмне кылар айласын таппай жүрүшөт, анткени алардын бары бийликтин алдында бүк түшө калчу эмелер эмес. Алар да өз дүйнө таанымдары бар, ошондуктан, салатка «мээни» көбүрөөк кошпосо болбой калды.

Таман

«Ишеним» партиясын Буркановдун таманындагы партия дешет. Бирок, ал Баткенге эмгек сиңирген жок, анан башка эмнени айта алабыз. Көз бойомочулук менен бизнесин гана өнүктүрүп жаткан, Бурканов Баткени менен парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Эми Баткени эмне болсо, ошол болсун кейпинде. Керек болсо Баткенин баткакка түртүп ийгиси келет.

 

«Талгарбеков» салаты

Бул салат өтө «острый» салат. 90-жылдардын башынан бери мээнет кылып, менюдан түшпөй келатат. Бийликтеги туура эмес жоруктарды көргөндө итатайы тутулуп кеткендер бул салатка калемпир, мурчтан уруп отурушуп, бул салат дунгандардын эң ачуу салатынан ачуу болуп баратат. Атамбаев тажагандан бул салатты түрмөдөгү «парашага» айланткан, болбой эле көктөп чыгып алды. Жапаровдун да бул салатка жини келе баштады, анткени, бул салаттан ооз тийсең эле, бийликке итатайың тутула түшөт да «акыйкаттык кайда?» -деп кайсалап каласың. Деги бул салатка кошулбаган «приправа» жок. «Элдик парламент» деген приправа менен узакка жүргөн, эми оппозициялык кеңеш деген приправаны кошуп алышты, деги канчага чыдар экен?

Даярдоо рецепти:

«Огонек» калемпири, мурч

Жылкынын чучугун, казысын, картасын тандап алыш керек да мурч, калемпир кошо бериш керек. Өтө ачуу калемпир кошулууга тийиш. Ал калемпирден ооз тийгенде эле тилиң кычыша баштайт. Тилиң кычышкандан кийин, тилден чаң чыга баштайт. Мусулман адам кайсы жерде болбосун кыбыланы карап куран окуса, кайсы жерде жүрсөң да Ак үй тарапты карап тилиңди агыта баштайсың. Тилден калемпир да агат, уу да агат. Ак үйдөгүлөр уусуна да, чуусуна да айласы жок көнүшөт. «Тилиңе тибиртке чыксын» -деп коюп жүрө беришет. Тилге тибиртке чыгып баратса «Талгарбеков» салатына тилиңди салсаң, кайрадан тилиңди кычыштыра баштайт.

Уу

Атайын өзүнүн даярдаган уусу жок. «Назарньюс», «Азияньюс», «Майданньюс» жана башка «ньюстардын» беттериндеги жыландын уусун калпып алып кошушат.

«Элдик парламент» приправасы

Бул менчик приправасы. «Талгарбеков» салатынын атагын чыгарган брэнди, товардык маркасы. Маяковский илгери: «Ленин десем, партияны түшүнөм, партия десем Ленинди түшүнөм» -дегендей, «Элдик парламент» десе «Талгарбековду» түшүнөм, «Талгарбеков» десек «Элдик парламентти» түшүнөм.

«Бүтүн Кыргызстан» салаты

Өткөн кылымдардын башында камалуудан качып чет мамлекетте жүргөн партиянын жол башчысы: «Партия –ум, честь и совесть нашей эпохи» деп дүйнөгө жар салган эле. Аны азыр Орусияны жетелеп бараткан Путин угуп «Партия -честь нашей эпохи» деп кыскартып койду. «Умдун» эмне кереги бар, «утечка» болуп сыртка кетишкен.  Ал эми  «совесть» болсо совет мамлекети менен кошо жок болгон. «Честь» керек, айрыкча «Бүтүн Орусияга». Аны туурап 2010-жылы түзүлгөн «Бүтүн Кыргызстангачы»? Жети ирет аксады, жети ирет чалынды «Честти» бирде сактаса, бирде сактаган жок. Жетинчи ирет парламентке келди. «Честтин» садага чаап спикерликке жете албай калды. Муштумун кезеп турат, кез-кезде мурунку өнөктөшү мамлекеттеги №2 адамга көрсөтө калат.

Даярдоо рецепти:

Эти

«Эти казак, сөөгү кыргыз». Казактын кызы этин «шашлыктап» «мариновать» этип даярдап койгон. Кайсы бийлик келсе да этин мүлжүп-мүлжүп жеп, сөөгү калганда ыргытып ийип басып кете берет.

Тил

Салаттын даамын тил чыгарат. «Тилде сөөк жок» дегенди эш туткан «Бүтүн Кыргызстан» тилин ары бүлөп, бери бүлөп, «тилинен буудай айлантып» жиберет.

«СКС» салаты

Өкмөт кайра-кайра алмаша берип, ар бир жаңы келген өкмөт башчысы өлкөнүн келечегин эмес, өз капчыгынын көбүрөөк толушу үчүн күрөшүп калгандай. Карганбек Самаковдун экономикалык жактан сабаттуулугу ушул жерден көрүнүп турат. Ал Советтер Союзу жоюлгандан бери отуз бир жыл өткөнүн баса белгилеп, ошондо бизге калган 460 завод-фабрикалар таланып-тонолуп кеткенине бардык мекенчил кыргыздардай эле кейип-кепчигенин жашырбайт. Ал ПЕСАК сыяктуу тузак программалар кыргыз элинин бай-кедей болуп бөлүнүп жаралышына алып келгенин белгилейт.

Кыргыз жергесиндеги байлыгыбызды капчыгын толтуруу үчүн 2200 лицензия менен мамлекет башчыларынан колдоо тапкан тиешелүү атка минерлер сатып жиберишкен.  Өлкөбүздү күрөөгө коюп 16 мамлекеттен 11 500 000 000 доллар гранд кредит алышкан. 15 эл аралык финансылык уюмдардан, 450 кайрымдуулук  эсебинен акча кайтарымы аныкталган эмес, ошол жактан келери менен валюталары менен жок болгон. Мамлекеттик бюджетте карыздардын көлөмү чыгашалардын 60 пайызынан ашып кеткен, эмне үчүн бюджетте иштегендердин айлыгы көтөрүлбөйт, анткени биз кирешеге 100 сом түшсө анын алтымышын чет мамлекеттерге карыз үчүн төлөп беришибиз керек. Чет мамлекеттен келген импорт товарлар өзүбүз чыгарып чет мамлекетке сата турган экспорттордон ашып кетип тескери сальдо көтөрүлүүдө. Инфляция деле жарыткан жок, анын уламдан-улам көтөрүлүп баратышы экономикабыздын бутун тушап турат. Бюджетке акча топтой турган өндүрүш ишканалары курулбай, көп жылдардан бери стагнацияга же токтоп калууга дуушар болгонбуз. Бийлик башчылары өз жеке жыргалчылыгын ойлошуп, мамлекеттин, элдин тагдыры кызыктырган жок.

Кыргызстанда 20 000 000 долларга тете байлыкты сыртка чыгарып кетишти. Элдин айласы кетип, окко тике качырышып эки ирет ыңкылап, дагы бир ирет бийликти алмаштырышты. Мындай саясий процесстерге бекер жеринен барган жок, эл жакырчылыктын сазынан чыга алышпай ушундай жагдайларга келишти.

Даярдоо рецепти

Кыргызстан дүйнөдөгү 180 мамлекеттин ичинде 154-чи орунда эң жакыр мамлекеттердин арасында орун алган. Акчабыз жок жалдыраган, шалдыраган мамлекет башчыларына кор болдук.

Коктейль

Дүйнөдөгү 2019-2022 –жылдагы рейтингдердин эсебин салыштырып отуруп Статистика Борбор Азияда төрт мамлекеттин ичинде үчөө дүркүрөп өсүп баратканын баса белгилеген. Алсак,  Түркмөнстан жылдык өсүшү 8,5 пайыз менен үчүнчү орунду ээлесе, Өзбекстан жылдык өсүшү 8 пайыз менен алтынчы орунду алган. Ал эми Тажикстан 6,5 пайыз менен он бешинчи орунду ээлейт. Ал эми биздин Кыргызстан бул рейтинг боюнча да артты көздөй сүрүлүп калган. Эмне биздин мамлекет алардан кем бекен?

Мээ

Эми салыштырып көрөлү Кыргызстан бул коңшу мамлекеттерге караганда эл аралык уюмдар менен кызматташып келатат. Үч мамлекет тең кирбеген Евразиялык Экономикалык Кызматташтыктын (ЕврАзЭС) мүчөсү. Макулдашылган келишимдер боюнча  Евразиялык Экономикалык Кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасы үчүн көптөгөн жеңилдиктер бар. Бизге коңшулардан экономикасы дүйнөдө АКШты сүрүп бараткан Кытай Элдик Республикасы бар, бул мамлекет менен Шанхай Кызматташтык Уюму аркылуу байланышабыз, бул мамлекетте миллиардаган талап кылуучулар бар. Евробиримдик менен ратификацияланган келишим боюнча алтымыштан ашык товарлар, бул Биримдикке кирген мамлекеттерге бажы төлөмү жок киргизилиши керек болсо, биз мындай соода кылуунун жакшы жактарын колдоно алган жокпуз. Кыргызстан учурда чет мамлекеттерге 500 000 000 долларлык товарды сатууга мүмкүнчүлүгү бар.

«Ата-Журт» салаты

Байыркы Грецияда пайда болгон бул салат коктейлдей аралашып отуруп өзгөчө болуп калган. Өзбектерде «Ватан», казактарда «Отан», орустарда «Родина» дешет. Азыркы учурда өтө популярдуу болуп бараткандыктан Ак үйдө да, Көк үйдө да, оппозицияда, позицияда да, калаада да, талаада да бул салатты каалоочулар табылат. Бул салат суюк да, кургак да. Кызыгы биздин өлкөдө чыныгы демократия, ким атка минсе эле килеңдеп партия минип чыгат, ар бир адамдын өз партиясы бар. Азыр күч алып турган партия «Ата-Журт» эле  ал өзүн-өзү тааныбай калбасын деп «Кыргызстанды» кошуп койгон. Байыркы гректердин жаңы салаттын «вкусун» татып турган адам өлкөдөгү №2 адам дешет. Ошондуктан бийлик тарапка ооп кеткендер да, оппозицияда оюн салгандар да бар. «Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка калыптыр»  деген сөз бар, бийликтин чөбүнөн да, оппозициянын чөбүнөн дагы кошуп даярдалган салат элге жагаар бекен?

Даярдоо рецепти:

Биздин өлкөдө бардыгын жей берет, бардыгы боло берет. Оңго деле, солго деле чапкылап, бийликтин ашын ичип алып оппозициянын, оппозициянын ашын ичип алып бийликтин сөзүн сүйлөсө боло берет. Коктейль сымал аралашып калган. «Ак чөп башта» деп кимдин ирегесине барса да «бурк» этип коюш керек: «Сизди билбей жүрүпмүн» -деп. Эмне бардык иш кечиримдүү болот, бийлик да, оппозиция да кечирет. Бийлик «чепуха» келемиштер кача баштаганда шак түшүнүп, кача баштаса болот. Оппозицияга келип бийликке таарынымыш болуп чоң устукан алат. «Эт менен челдин ортосунда» күн көрүп жүрө берсе болот, анткени мезгили жеткенде болгон айыптар ага оодарылары шексиз. Ал мезгилде «поюз кетип калган» болбойбу?

«Ынтымак» салаты

«Ырыс алды –ынтымак» деген кеп бар эле. «Ырысы» «утечка» болуп чет мамлекетке кетип «Ынтымагы» эле парламентке бир фракция болуп биригишти.

Даярдоо рецепти:

Ун болсо зуулдап сызып баратат. «Ынтымак» салатына эмне шам, унду арзандатам дегиче салатка улпак кошуп жасаганы жакшы эмеспи.

Өпкө

Өпкөдөн кошпосо салат даамына чыкпайт. Бөтөнчө адамдарга тиешелүү маселелерге келгенде өпкөнүн рационун көбөйтүү керек.Өпкөсү өпкөсүнө батпай «өпкөлөнгөн» сөздөрдү көтөрмөлөп сүйлөө үчүн. Кадимки Эламандын эр Төштүгүндөгү калкып бараткан өпкө жарабайт. Таластын кара малынын калдаңалдаган капкара өпкөсү деликатес. Казактыкы деле жарай берет.   

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости