www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Bild гезитинин окурмандары Германиянын канцлери Олаф Шольцтун кызматтан кетишин талап кылды.
Германиянын көмүр кычкыл газына салыкты көбөйтө турганын жазган макалага жазылган комментарийлерде Twitter колдонуучулары Шольцтун саясатын сынга алган. Алардын пикиринде, бийлик мындай аракеттери менен өлкө калкынын бейпилдигине коркунуч келтирүүдө.
Кээ бир колдонуучулар Жашылдар партиясы эки жүздүүлөрдөн турат деп белгилейт, алардын негизгилери – Шольц жана вице-канцлер, Экономика жана климат проблемалары боюнча министр Роберт Хабек деп жазылган.
Буга чейин Германия тургундарынын жарымына жакыны Орусиядан келген газдын азайышынан жана Евробиримдиктеги курч инфляциядан улам келээрки кышта суук болуп кетүү коркунучу бар экенин моюнга алган.
Bild жазгандай, респонденттердин 75 пайызы баалардын көтөрүлүшүн өтө катуу шок деп атаган. Мындан тышкары, респонденттердин жарымы экономикалык абалын начарлаганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg