www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
31-августтагы эгемендүүлүккө карата ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго, орун басары Сүйүнбек Ниязбековго, ЖалалАбад ОИИБ башчысы Ашым Тагаевге, Баткен ОИИБ жетекчиси Мурат Бороновго жана Ош ОИИБ начальниги Жеңиш Абидовго генерал-майор наамы берилээрин эшиттик. Эмесе, учкай да болсо, кыраатына келтире талдап берели.
Адылбек Бийбосунов ИИМ академиясында иштеп, мугалимдик кесипти аркалап, милициянын чыныгы түйшүгүн тарткан эмес. Кылмышкер кармап көрбөптүр. Жылуу-жумшак кызматтарда жүрүп, эптеп карьера жасаган. Ушул кантип жарасын? Татыксыз! Сүйүнбек Ниязбеков кесиби врач, бул системага адашып эле келип калган. Тездик менен көтөрүлдү, азыркы кызматын кыйратып деле иштей албай келет.
Эмне жумуш кылып атканы коомчулукка белгисиз. Анан кайсы эмгеги менен чоң жылдызга жулкунат? Ашым Тагаев убагында Илмияновдун колдоосу менен кызматтан кызматка секирген.
Билими, тажрыйбасы төмөн! Бирок, “крыша” тапкан жагынан кыйын тура. Икрам чөксө, баткендик дагы бир жердеши Буркановдун этегине эрмешип, Жалал-Абадга орун которгон. Иши начар, жарабайт! Мурат Боронов да бир кокуй, буга чейин эмне кылып отурду? Оор аймактан эмгегин, кызматын көрсөтө албай, чайналып калган. Убагында Төрөбай Зулпукаровдун артынан көтөрүлүп, жасалма түрдө жетекчи катары элдир-селдир жүрөт. Деңгээли талапка жооп бербейт!
Ал эми Жеңиш Абидов боюнча кеп башка. Каарманыбыз оперликтен ушул даражага чейин кызматтарды ырааттуу басып өттү. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында алгылыктуу иштеп, милициянын түйшүгүн кыйла тартты. Өз милдетин так аткарат. Чарбачыл. Чындыгында Жеңиш Абидов генерал-майор чиндаражасына татыктуу!
Булак: Азия News гезити