www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия ушул жылдын 1-августунан тарта орус көмүрүн, 31-декабрдан тарта орусиялык мунайды сатып алууну токтотот. Бул тууралуу Германиянын каржы министринин орун басары Йорг Кукис Сиднейдеги конференцияда билдирди.

Анын айтымында, Германия өз керектөөсүнө керектүү көмүрдүн 40%, мунайдын 40% Орусиядан сатып алган.

«Чыгыш Европадагы Советтер Союзунун куралы болгон «Дружба 2» куурунун тарыхы менен тааныш кимдир бирөө бул көз карандылыктан кутулуу анчалык деле майда-барат иш эмес экенин, ага бир нече айдын ичинде жетишээрин билет», - деди министрдин орун басары.

Кукис кошумчалагандай, азыр Германия Орусияга альтернативалуу жабдуу издеп жатат. Мындай альтернатива АКШ жана Катар болушу мүмкүн. Германия суюлтулган газ үчүн терминалдарды куруп жатат. Бирок, энергия менен камсыз кылууда дагы эле чоң ажырым бар.

Айта кетсек, Орусиядан көмүр ташууга тыюу салуу Евробиримдиктин санкцияларынын бешинчи пакетине, ал эми мунайга жарым-жартылай эмбарго алтынчы пакетке кирген.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери Орусиянын мунайдан түшкөн кирешеси 50% өскөн. Буга байланыштуу «Чоң жетилик» өлкөлөрүнүн лидерлери орусиялык мунайга минималдуу бааны киргизүүнү караштырууда. Бул учурда мунайдын баасы бир баррелине 40-60 доллардан белгилениши мүмкүн (Орусиялык мунайдын баррели орточо 80-85 доллардан сатылат).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости