www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мектептин директорлору дагы бат-бат алмашып турушу керек”, - деди бүгүн, 13-июлда, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.
- Эрнест мырза, мектепти 20-30 жылдап “минип” алган директорлор кызматтан кетет деген Жарлыкка кол коюлду. Чын эле бул Жарлык жакшы жаңылыкпы?
- Албетте, бул жарлык жакшы жаңылык. Мектептин директору - бул азыркы тил менен айтканда - менеджер, башкарма. Анын жоопкерчилигинде жалпы окуу процесси, окуучуларга жакшы шарт түзүп берүү, инновация, коллективди жогорку деңгээлдеги билим, Квалификация алуу, жылуу атмосфера мугалимдердин жана окуучулардын ортосунда, жалаң эле экономикалык жана чарбалык маселелерди чечүү эмес.
Эң башкы - тарбия! Орто мектептин максаты - баланы окуганга үйрөтүү, ал эми жогорку окуу жайдын максаты - окутканды үйрөтүү. Мамлекеттин башында он жылдап отургандар деле өлкөнү "застойго", экономиканы стагнация алып келишпедиби.Ошон үчүн, жакшы жарлык болду. Тагыраагы, мектептин директорлору дагы бат- бат алмашып турушу керек.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg