www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иш-чаралары мамлекет тарабынан жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Өсүмдүктөрдү коргоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы А. Алакунов билдирди.

11-июнда «АкиПресс» сайтынын Turmush бөлүмүндө жарыяланган «Нарындын тоолорунда зыянкеч чегирткелер чабандардын турак-жайларына кол салып, жайыттарга зыян алып келүүдө» аттуу макаласына Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жооп берди.

Республикада зыянкеч чегирткелер жыл сайын айыл чарбасына потенциалдуу коркунуч туудурат жана ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна коркунуч жаратып келет, ошондуктан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иш-чаралары мамлекет тарабынан жүргүзүлөт.  

Кыргызстанда чегирткенин негизги очокторунун айыл чарба өсүмдүктөрүнө, жайыттарга жана калктуу пункттарга жакындыгы, алардын очокторунун татаал тоо рельефинде жана көптөгөн участоктордун кыйынчылык менен жетчүү жайларда жайгашкандыгы - чегирткеге каршы күрөшүү иш-чараларын жүргүзүүнү татаалдантат жана кошумча кыйынчылыктарды жаратат.

2022-жылдын 13-июлуна карата республика боюнча чегирткелерди аныктоо боюнча изилдөөлөр 56 795 га аянтта жүргүзүлүп, анын ичинен 40 400 гектар аянтта чегирткелер табылган, а. и. Жалал-Абад облусунда - 13200 га (Ноокен районунда - 8690 га, Сузак районунда - 900 га, Аксы районунда - 3610 га); Баткен облусунда (Лейлек району) - 9900 га; Ош облусунда - 8700 га (Араван районунда - 4100 га, Ноокат районунда - 4600 га); Чүй облусунда - 2580 га (Москва районунда - 1400 га, Жайыл районунда - 300 га, Панфилов районунда - 650 га, Чүй районунда - 230 га); жана Нарын облусунда (азырынча бир гана Ак-Талаа районунда) - 6020 гектар.

Химиялык иштетүүлөр жалпы республика боюнча 39 620 гектарда (же чегиртке баскан аянттын 98 %ы өз убагында иштетилип бүттү), а. и. Жалал-Абад облусунда - 13200 га (Ноокен районунда - 8690 га, Сузак районунда - 900 га, Аксы районунда - 3610 га); Баткен облусунда - 9620 га (Лейлек району - 9620 га); Ош облусунда - 8700 гектар (Араван району - 4100 га, Ноокат району - 4600 га); Чүй облусунда - 2580 га (Москва району - 1400 га, Панфилов району - 650 га, Жайыл району - 300 га, Чүй району - 230 га); жана Нарын облусунда (Ак-Талаа району) - 5520 га аянтта жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Нарын облусунда зыянкеч каптаган 6020 га аянттын 5520 гектарында, же б. а. 92 %ында химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү. Иштетүүлөр 4 Микронер аппараттары менен жүргүзүлүүдө, жана алардын өндүрүмдүүлүгү - 1 күндө 100 гектарды түзөт. 

Бүгүнкү күнгө карата зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери Жалал-Абад жана Ош облустарында аяктады. Баткен, Чүй жана Нарын облустарында иштетүүлөр уланып жатат. Химиялык иштетүүлөр Баткен облусунда 2 даана Микронер уучачкыч аппараттары менен, Чүй облусунда 4 тракторго чиркелген уучачкыч аппараттары менен жана Нарын облусунда 4 Микронер уучачкыч аппараттары менен чегиртке чыккан талааларда жүргүзүлүүдө.

Талас облусунда Талас өсүмдүктөдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын адистери тарабынан аныктоо боюнча кеңири масштабдуу изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө чегирткелерге каршы күрөшүү иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык каражаттар (атайын техника, ГСМ, пестициддер) жетиштүү жана абал Өсүмдүктөдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин дайымкы көзөмөлүндө турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости