www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Коргоо министрлиги Украинага 2.7 млрд. евро көлөмүндө жардам көрсөтүшөөрүн тастыктады. Бул жардамдар жакынкы айларда жөнөтүлө тургандыгын германиялык коргоо министрлигинин маалыматтарына таянып ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.
Германия Федеративдүү Республикасынын Коргоо министри Борис Писториустун сөзүнө караганда мындай салымы менен Германия Украинага олуттуу жардам көрсөтүүгө өткөндүгүн жарыялады.
Буга чейин Spiegel газетасы ГФР Украинага ири партиядагы аскер техникасын жөнөтүүгө ниеттенип жатышкандыгын жана анын көлөмү 2.7 млрд.еврого жетээрин жазып чыккан. Киевге берилип жаткан аскер техникаларынын жаңы пакетинде жөө аскерлер үчүн 20 даана Marder автоунаасы, Leopard 1 үлгүсүндөгү 30 танк, 200 даана чалгындоочу дрондор, логистикалык трансопрттук каражаттар, IRIS-T аба чабуулунан коргонуучу системасы жана ок-дарылар болмокчу.
Rheinmetall немецтик коргонуу концернинин башчысы Армин Паппергердин билдирүүсүндө ишкана украиналык компаниялар менен биргелешип жакынкы жумаларда танктарды, ок-дарыларды жана Украинадагы абадан коргонуу каражаттарын чыгара башташмакчы. Буга чейин бул маселе эки тараптуу келишимде каралган.
Булак: NazarNews.kg