www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө экономикалык агым, саясий башкаруу системасы өзгөрүп жатат. Өзгөчө Россия менен Украинанын ортосундагы саясий кризистен улам геосаясаттагы баланс жаңыланууга душар болууда.
Америка бир полярдуу гегемониялык үстөмдүк саясатын сактап калуунунун аракетин көрсө, Россия, Кытай, Индия сыяктуу чоң өлкөлөр дүйнөнүн жаңы экономикалык тартибин жана эл аралык байланыштын геосаясий балансынын багытын өзгөртүп, дүйнөнү кайрадан түзүүгө, көп полярдуулукка умтулууда.
Мындан улам, бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономикалык жана саясий аренада абдан маанилүү роль ойноого жөндөмдүү бирикме катары – Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка өлкөлөрүнөн турган БРИКС уюмунун таасири артып жатат...
Буга мисал келтире турган аргумент көп. Алалы, БРИКСтин жалпы аянты 39 746 220 км2 түзөт. Бул кургак жер бетинин 26,7%не барабар. Ал эми калктын жалпы саны болжол менен 3,21 миллиард адамга жетет. Башкача айтканда, дүйнө калкынын 41,5% деген сөз.
Учурда БРИКСти түзгөн беш мүчөнүн төртөө, эки көрсөткүч боюнча (жыйырма үчүнчү орунду ээлеген Түштүк Африканы кошпогондо) калкынын саны, аянты жана ИДПсы боюнча дүйнөдөгү эң ири он өлкөнүн катарына кирет.
БРИКС 2006-жылы Тышкы иштер министрлиги менен Экономика министрлигинин деңгээлинде уюшулуп, кийин улам кулачы кеңейип мамлекеттик жогору масштабдуу биринчи жыйыны 2009-жылы болгон. Андан бери 14 жолу мамлекет башчыларынын жолугушуу саммити өттү.
Негизинен БРИКС өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер, тең укуктуулук жана өз ара пайда көрүүнүн, бири-биринин ички ишине арашлашпоо эрежесинин негизинде курулган. Учурда БРИКСтин мүчөлөрү эң тез өнүгүп жаткан ири өлкөлөр катары мүнөздөлүп жатат. Бул өлкөлөрдүн пайдалуу позициясы – калкынын санынын көптүгү экономикадагы сатып алуу, кызмат көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн арттырып, ички дүң продукциясынын көлөмүн жогорулатып, ыкчам өнүгүүгө жол ачат жана экономиканын кубаттуу болушун шарттайт... Ошондой эле, дагы бир негизги артыкчылык көрсөткүчү – дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү жаратылыш ресурстары менен камсыз кылууга жөндөмдүү келиши.
Сөзүбүз кургак болбошу үчүн БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн айрым артыкчылыктуу көрсөткүчтөрүнө токтолуп өтөлү:
Бразилия – айыл чарба продукциясына бай. Экономикадагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети жана
ИДП боюнча дүйнөдө экономикалык кубаттуулугу 8-орунда турат;
Россия – экономикадагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети, ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдө экономика кубаты жагынан 6-орунду ээлейт. Ал эми дүйнөдө энергетикалык, минералдык ресурстардын эң чоң коруна ээ. Дүйнөдөгү бирден-бир эң чоң территорияга ээлик кылат. Кубаттуулугу эбегейсиз ядролук державалардын бири;
Индия - экономикадагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети, ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдө 3-экономика болуп саналат. Арзан интеллектуалдык ресурстар, дүйнөдөгү эң көп 1 миллиард, 423 миллион калктуу өлкө;
Кытай – экономикадагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети, ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдө 1-экономика жана дүйнөдөгү 1-экспортёр, дүйнөдөгү эң ири валюталык резервдердин биринин ээси, дүйнөдөгү эң көп калкы бар эки өлкөнүн бири... 1 миллиард 428 миллиондон ашык адам;
Түштүк Африка – ИДПнын көлөмү, экономикадагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча дүйнөдө 32-орунду ээлейт. Ар түрдүү жаратылыш ресурстарына бай.
Бул жагдайлардан улам, келечекте БРИКСти түзгөн өлкөлөр глобалдык экономикада үстөмдүк кыла турган таасири күчтүү бирикме болоорун серепчилер белгилеп жатышат. Анткени, товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр, экинчи жагынан чийки заттын, жаратылыш ресурстарынын көптүгү БРИКСтин потенциалын арттырган негизги көрсөткүч болуп саналат.
Буга байланыштуу БРИКСке мүчө болуп киребиз деген өлкөлөрдүн катары калыңдап жатат. Азыркы тапта Аргентина, Иран, Алжир талапкер катары кабыл алынса, дагы 30 өлкө уюмга мүчө болуу максатын, каалоосун билдирген. Алардын катарында, коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан бар. Турция, Пакистан, Мексика, Индонезия, Сауд Арабиясы, Белорусия, Египет, Бириккен Араб Эмираты жана башка көптөгөн Жакынкы чыгыш, Африка, Латын америка өлкөлөрү кызыкдар болууда.
Эгер бул өлкөлөр БРИКСке мүчө болсо, Америка жана Европа өлкөлөрүнүн экономикалык кубаты кайтып, таасири жоголот. Биринчи планга жаңы оюнчу БРИКС чыгат.
Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва ушул жылдын апрель айында Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында БРИКС өлкөлөрү менен башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдө колдонула турган альтернативдүү валюта түзүүгө чакырганы бекеринен эмес.
Буга чейин БРИКС өлкөлөрүнүн ичинде эсептешүүлөр үчүн бирдиктүү валюта түзүү зарылдыгын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген.
Мына жакында БРИКС өлкөлөрү августта Түштүк Африка Республикасында өтө турган саммитте бирдиктүү блок валютасын түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаганы турушат.
Эгер бул демилге кылдаттык менен талданып, жалпы бирдиктүү валютаны киргизүү үчүн бардык катышуучулардын кызыкчылыгы төп келип, бирдиктүү борбордук банкты түзүү жана анын жайгашкан жери боюнча суроолорго жооп табыла турган болсо, дүйнөдө финансы системасында, экономикада үлкөн өзгөрүүлөр орун алат. Доллар күчүн жоготот. Жаңы финансылык, экономикалык түзүлүштүн доору башталат.
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg