www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Немис журналисти жана публицисти Алиса Шварцер Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Орусияны провокация кылбоого чакырды. Анын сөздөрүн Exxpress басылмасы жазып чыкты.
Шварцер Зеленскийдин риторикасы чагымчыл экенин белгиледи.
“Мындай чагымчыл сөздөргө жол берилбейт! Эгер Украина азыр Крымга кол салса, Орусиянын кызыл сызыгынан өттү болуп эсептелинет, анда кийин Кремлдин жообу кандай болорун элестетүүдөн корком”, - деди журналист.
Журналисттин пикиринде, натыйжада бардык Батыш өлкөлөрү дүйнөлүк согуштун очогуна айланат.
Публицист ошондой эле Батыштын Украинага аскердик жардам көрсөтүүсүн сынга алды. Ал Киевди курал менен камсыздоо адам өмүрүн сактап калбайт, тескерисинче, өлтүрөт деген пикирин билдирди.
Эске сала кетсек, Февраль айында Зеленский Германия Киевге курал жагынан жардам бергиси келбегенине нааразы болгон. Ал Германиянын канцлери Олаф Шольцту “Украинага жардам берүүгө аргасыз кылып, аны бул жардам бизге эмес, бүткүл Европага керек экенине дайыма ынандыруу керек” деп айткан. Канцлер украин лидеринин билдирүүсүн күлкүлүү деп атап, "Германиянын катышуусунун масштабы тууралуу айтуунун кереги жок" деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg