www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдиги Франциянын президенти Эммануэль Макрондун "Европа Тайвандан улам чыгып жаткан тирешүүгө аралашпашы керек" деген кеби Европа мамлекеттерине жана Украина — АКШ мамилелерине зыян келтирет деп эсептейт. Бул тууралуу Financial Times жогорку даражалуу эки дипломатка шилтеме берип жазганын РИА Новости кабарлады.

Эске сала кетсек, Макрон Кытайга барып келгенден кийин Европа Кытай менен АКШнын ортосунда Тайвандан улам чыгып жаткан тирешүүгө аралашпашы жана "америкалык ритмге" ыңгайлашпашы керек экенин айткан.

Ал европалыктар "ойгонуп" өз кызыкчылыктарын ойлошу керектигин белгилеген. Дипломаттар Макрондун мындай комментарийи Европага, ошондой эле Украина менен АКШнын мамилелерине зыянын тийгизип, ЕБдин Пекинге карата бирдиктүү позициясын иштеп чыгууга тоскоолдук жаратарын айтышкан.

"Бул Сиден (Кытайдын төрагасы — ред.) башкасына жеңиш эмес", — деп дипломаттардын бири басылмага билдирген.

Кытай менен Тайвандын ортосундагы келишпестик АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өткөн жылдын август айында аралга баргандан кийин курчуп кеткен. Кытай Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептеп, башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн аралга келишин Тайвандын көз карандысыздыгын колдоо катары баалап келет.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости