www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеӊеш жыйынында “2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын оротосундагы “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу 2012-жылы ратификацияланган. Бул макулдашуу менен жетишилген ийгиликтерге карабастан бүгүнкү күндө гидрометеорологиялык байкоо тармагында бир катар жетишпестиктер, кемчиликтер бар, учурда колдонулган технологиялар дүйнөлүк стандарттарга дал келбейт. Мындай жагдайларды эске алган Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы долбоордун 2-фазасынын максаттарына 5 млн АКШ долларын кошумча каржылоого бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттык шарттарында бөлүнүп берилет – 50% кредит түрүндө, 50% грант түрүндө. Ишке ашыруу мөөнөтү 2019-2021 жылдарга каралган.
Долбоор ишке ашса, анын пайдасын республиканын бардык региондору көрөт: аба-ырайынын болжолдоолору жана гидрометеорологиялык кубулуштар тууралуу шашылыш эскертүүлөр тагыраак болот. Муну менен табигый кырсыктардан боло турган зыяндарын, социалдык жана экономикалык зыяндарын жана курмандыктардын санын азайтууга көмөкчү болот. Долбоор менен 28 метеостанция жабдууларын сатып алуу, 10- гидропостту оӊдоо, тиешелүү веб-порталды өркүндөтүү жана башка маселелер мерчемделген.
Ратификациялык мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Булак: NazarNews.kg