www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Карамат эже, башкы прокурордун «коррупция менен күрөш жүргүзүп жатабыз» дегенин кандай бааладыңыз? Сиздин оюңузча күрөш натыйжалуу жүрүп жатабы?

- Мен башкы прокурорго дал ушул коррупция менен күрөш жүргүзүү багытында суроо бердим: «Канча адамга кылмыш иши козголду, алардын канчасы мамлекеттик, канчасы укук коргоо кызматкерлери?» десем, бир топ цифраларды айтты. Башкы прокурордун жообунан улам коррупцияда айыпталган жөнөкөй кызматкерлер жок экенин түшүндүм.

Суроо туулат: УКМКда, башкы прокуратурада, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында да коррупция менен күрөш жүргүзүү органдары бар. Демек, алар өздөрү менен өздөрү күрөшүп жатабы? Кандай жыйынтык болот?

Ушул мага кызык болду. Прокурор керек болсо «прокуратура системасында, укук коргоо органдарында коррупция жок деп тана албайбыз. Бул багытта иш жүрүп жатат, тартипке салабыз, тазаланабыз» деди. Бирок, менимче, канчалык иштешпесин, системаны өзгөртмөйүн коррупция жоюлбайт.

- Баткен облустук прокурорунун өлүмү боюнча кандай иш жүрүп жатыптыр?

-  Баткендин маркум прокурорунун өлүмү богонча тергөө ишин ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө. Бирок, ал прокуратуранын көзөмөлүндө турат. Прокуратуранын көзөмөлүндөгү орган прокуратурага кантип тергөө жүрүзөт? Ошондуктан, эл тергөөдөн күмөн санап жатат.

Анүстүнө «өлүмгө катышы бар болушу мүмкүн» делген алты адамдын баары суралбай, шектүү катары бир гана адам кармалган. Калганы коё берилген. «Алардын сүйлөшүп алууларына шарт түзүлүп жатат» деген нааразылыктар бар. Башкы прокуратура баткендик прокурордун ишин калыс кароо милдетин алыш керек да.

- Акыркы учурларда жаш балдардын жоголуусу өсүп кетти го?..

- Туура айтасыз. Соцтармактарда күн сайын 3-4төн бала жоголуп жатканы кабарланууда. Табылбаганы толтура, сөөгү табылганы андан көп. Бул - трагедия. Баш мыйзам боюнча балдар мамлекеттик коргоого алынышы керек болсо, а бизде андай иш такыр жүрбөй калган.

Адам сатуу, бала сатуу боюнча бир топ кылмыш иштери козголгонун санап жатышат. Коомдун, мамлекеттин чоң проблемасы ушул маселе. Көңүл бурулушу шарт.

Булак: АзияNews

Последние новости