www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 18-19-апрель күндөрү ИИМдин милициянын полковниги С. Нааматбаевдин атындагы музейинде Кыргыз Республикасынын ИИОнун Басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн “Басма сөз кызматтары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы натыйжалуу  ыкмалардын байланышы” аталышындагы семинар-тренинг өтүлүүдө. 

Иш-чаранын уюштуруучулары ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги болууда.

Семинар-тренингге ИИМдин Борбордук аппаратынын, ЖКККББнын, БМЖКККнын, МАККББнын, ИИМдин Академиясынын, “Шумкар”АБПнын,“Динамо” КДДБнын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББдин, облустук ИИБдин басма сөз кызматтарынын бардык кызматкерлери катышууда.

Аталган семинар-тренингдин  максаты коомчулук менен ЖМКнын ортосундагы 
байланышты бекемдөө, кызматкерлердин профессионалдык квалификациясын 
жогорулатуу болуп эсептелинет.

“Басма сөз кызматтарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги”,“Тастыкталган 
маалыматты таратуунун эрежелери”,“Веб-сайт түшүнүгү жана Кыргыз 
Республикасынын мамлекеттик органдарынын сайттарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар”, “ЖМК  менен таасир берүүнүн ыкмалары” жана башка темаларында лекциялар өтүлдү.

Иштин жыйынтыгы менен семинар-тренингде Кыргыз Республикасынын ИИОнун 
Басма сөз кызматтарынын Концепциясынын долбоорунун акыркы үлгүсүн иштеп 
чыгуу пландалууда.

Аталган семинар Кыргыз Республикасынын ИИОнун Басма сөз кызматтарынын 
күнүнө арналган.

2019-жылдын 18-апрель күнү ИИОнун Басма сөз кызматтары түзүлгөнүнө 35 жыл толгондугун белгилешүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости