www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өбүшүү аял менен эркектин ортосундагы интимдик сезимдерди билдирүүнүн ыкмасы гана болбостон, саясаттагы достуктун,урмат-сыйдын белгиси да болуп келген. Бул боюнча бир канча фактылар бар.

Саясый өбүшүү деген моданы XX кылымдын экинчи жарымында КПСС БКнын генералдык катчысы Леонид Брежнев киргизген. Ал киши өзү сыйлаган саясый ишмерлерди, же болбосо жөн гана өзүнө жаккан кишилерди сыга кучактап, оозунан чопулдата соруп калчу. Өзгөчө урматтаган кишилерди генсек «тройной поцелуй»(оң бетинен, сол бетинен, эң акырында эрдинен) менен сыйлачу.

Леонид Ильичтин Чехословакиянын компартиясынын башкы катчысы Густав Гусак, АКШнын 39-президенти Джимми Картер, Палестинанын лидери Ясир Арафат, Индиянын лидери Индира Ганди, ГДРдин жетекчиси Эрик Хоннекер менен болгон өбүшүүлөрү фото жана кинокамералардын жардамы менен тарыхта калды десек болот.

Жаш сүрөтчү Дмитрий Врубелдин «Бир туугандык өбүшүү» деп аталып, Брежнев менен Хоннекердин өбүшүүсүн чагылдырган картинасы Берлин дубалы кыйраганга чейин илинип турган. Брежневдин темпераментин ушундан билиңиз, аны менен өбүшүү процедурасынан кийин Югославиянын лидери Броз Титонун эрниндери айрылып, көпкө чейин канталап жүргөнү айтылат. Бирок, кээ бир лидерлер аны менен өбүшпөй койгон учурлар да аз эмес.

Мисалы, Румыниянын лидери Николае Чаушеску «жийиркенем» деп Брежневдин сыйынан ачык эле баш тартып койгон.

1974-жылы СССРге иш сапары менен келген Кубанын лидери Фидель Кастро да Брежнев менен өбүшкүсү келген эмес го сыягы. Бирок, Чаушескиден айырмаланып, ал мунусун ачык айтпайт да, баш тартуунун эң амалкөй жолун ойлоп табат. Самолеттун трабынан ал килтейген гаванский сигарасын оозуна тиштеп түшөт. Байкуш Леонид Ильич канчалык каалап турса да түтөп турган тамекиге оозун күйгүзүп алгандан коркуп, Кастронун колун кыса кармоо менен гана чектелет... (Интернет булактардан)

Булак: АЗИЯnews.kg

Последние новости