www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Масалиевдин планы орундалабы?

Учурда парламенттеги салмактуу эл өкүлү катары көрүнгүсү келгендер саналуу эле. Анткени андайлардын кадамдары ташка тамга баскандай болбосо дагы ошого жакын сезилиши керек. Андай сыпаттамага ээ болбосо демилге көтөрүүгө чамынган депутатты эки чайнап бир жутуп салышаары турган иш. Ошентсе да акыркы убакта “коммунисттердин” коргошунунан куюлган эл өкүлү катары парламентте жүргөн Исхак Масалиевдин токуган мыйзамдары бирөөнө жагымдуу болсо, тескерисинче айрымдарга калемпирге чыланган “ашлямфуга” түспөлдөшүп кетээри шексиз. Кандай болгон күндө да ал башкаларга караганда өзгөчө пикирлерди жаратууга жанын карч ургандан тартынбасын айгинеледи.

Айрыкча кеткен президенттин кол тийбестигин алып салууга көп күч жумшады. Мунун деле себеби жалпыга маалым. Болгону бирөөлөргө кызмат кылуунун амалын көздөдү. Кошул-ташыл кылууга акылы абдан ашынган Акылбек Жапаров дагын үлүшүн кошту күйүгүп жүрүп.

Мындай демилгеси кантип бааланары тууралуу өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Акыркы убакта Исхак мырза дагы бир шахматтык жүрүштөрдү жасоого бет алды. Өзү аз сандагы фракцияга жармашканы менен олуттуу көрүнүүнүн жолдорун издеп табууга өлө ынтызар экени жалындап трибунага чыкканынан баамдалып турат. Эмнеге партиясы оппозицияга кетсе фракциясы коалицияда калышы керек деген таасирдүү суроону үстөккө-босток бергенден жадабас болду. Буга буюккан Иса Шейшенкулович болсо кекечтенип биз элге кызмат кылууга чакырылганбыз, ошондуктан бизди алптар колдоп турганда отурган жерибизге көсөө алып чуркасаңар да эчтемке колуңардан келбейт деп бирөөнү үмүттөнүп карап коет. Эң көп сандагы фракциянын оппозицияга өтпөшүнө биринчи адам деле кызыктар.

Андай болбосо эбак коалиция урап түшмөк. А негизинен караганда партия оппозицияга өткөн соң фракциядагылар анын артынан жоголушу туура болмок. Бирок, кырдаал ага жол бербей жатканына көөдөнү таза соккондор акылы жетип турат. Ушундай акыбал өкүм сүргөнүнө карабастан кичине желди бороонго айлантууну көздөгөн Масалиев болсо тепкиге калганына карабастан өзүнүн беттегенин бербей жатканы эмнени каңкуулайт?

Албетте, коомчулукту дүрбөтүп, анча-мынча болсо да өзүнүн кадырын көтөргүсү келгени ачык байкалууда. Эми зоодой күчкө ээ болгон Иса Өмүркуловдун “чеби” канчага чейин сакталарын убакыт өзү тастыктап берет. “Коммунисттин” планы жүзөгө кандай ашырыларын чамгарактабай күтө туралы…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости