www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Активист Гүлжигит Исаковдун тарапташтары президент Садыр жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты.
Алардын кайрылуусу төмөндө өзгөртүүсүз берилет:
“13-Ноябрь” 2023-ж. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго; Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын Төрагасы К.К.Ташиевге; Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун
тарапташтарынан.
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Биз “Гүлжигит Исаковдун укугун коргоо” комитети жана жарандык активистттерден, Коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн турган топ, ушул жылдын 7-Июнунда УКМК кызматкерлери тарабынан камакка алынган Мекенин сүйгөн жарандык активист Гүлжигит Исаковго карата негизсиз каралоону, куугунтуктоону токтотууга, маселенин адилеттүү чечилишине тыкыр көз салып, акыйкаттуулукту камсыздайт деген ишенимде кайрылабыз.
Гүлжигит Исаков – чет өлкөдөн билим алып жана ал жактарда ийгиликтүү иш жүргүзө алган инсан. Бирок анын өз өлкөсүнө болгон сүйүүсү, өз мамлекетине ак кызмат кылгысы келген мүдөөсү жеӊип жемиштүү иштеп жаткан иштерин таштап Бишкек шаарына кайтып келген.
Ал улуу-кичүүлөр арасында кичи пейилдиги, билимдүүлүгү, акыйкатчылдыгы менен сый-урматка ээ болуп, кадыр-баркы бар активисттерден. Анын акыйкатчылдыгына мисал катары айтсак, мурунку экс-президенттердин доорунда жалтанбастан “Садыр Жапаровду куугунтуктоону токтоткула. Анын Кумтөр боюнча көтөргөн маселеси өлкөбүз үчүн эӊ маанилүү” деп чыгып, элдин тарабында болгон. Мындай маалыматтар ЖМК булактарында бүгүнкү күндө да сакталуу бойдон турат.
Гүлжигит Исаковдун өлкөбүздүн өнөр-жай, текстил тармактары үчүн да жасаган эмгектерине токтоло кетпесек болбос. Жергиликтүү ири бизнесмендерге ар тараптуу маанилүү кеп-кеӊештерди берип, чет өлкөдөн ири инвестиция тартып келүүдө көмөк көрсөтүп, өлкөбүздүн экономикасы үчүн да эмгек сиӊирген инсан.
Балким анын принципиалдуулугу, сынчыл көз караштары бөрк ал десе баш алган “айрым атка минерлерге” жакпай жаткан болуусу да толук мүмкүн.
А бирок “дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” деген Ата-бабалардан калган наркты эске ала жүрүүдөн пайда гана табаарыбыз айныгыс аксиома.
Мындай активисттерге кысым көрсөтүүнүн ордуна, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, алардын ички потенциалын туура пайдалануу менен иштеше билүү бир жагынан коом үчүн пайдалуу болсо, ошол эле учурда экинчи жагынан мамлекеттик бийлик үчүн аброй гана алып келмек. Алдыӊа келсе Атаӊдын куну болсо да кеч деген накыл кеп бар...
Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Жогорудагы айтылган жагдайларга көӊүл буруу менен, патриот активист Гүлжигит Исаковдун тарбиясында жашы жетелек 3 жаш баласы бар экендигин, Ата-Энеси да карып калгандыгын эске алуу менен ага карата болуп жаткан саясый куугунтуктоо токтотулуусун, соттук териштирүүлөр аяктаганча баш коргоо чарасынын үй-камагына которулуусун, жана соттук териштирүүлөрдүн адилеттүү аяктоосун, камактан толук бошотулуусун камсыздап берүүӊүздөрдү суранабыз!
“Гүлжигит Исаковдун укугун коргоо” Комитетинин Координатору Салибай уулу А .
“Кыргыз Эл Жаштар Кеӊеши” КБ Төрагасы Жазыбаев А.
“Улуу Кыргыз Курултайы” КБ Координатору Жолалиев К.
“Чек ара” КБ мүчөсү Исманалиев Т.
Жарандык активист Айталиев Б."
Булак: NazarNews.kg