www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышуу үчүн Кыргызстанга келет. Актриса кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда эл аралык спорттук-маданий иш-чарага кызыгуусун билдирип, Кыргызстанга келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Бай Лин өлкөгө сапарынын алкагында Кыргызстандын маданияты, каада-салты жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасы менен таанышууну пландап жатат.
Бай Лин — кытай тектүү, Голливуд жана эл аралык кинодолбоорлордогу ролдору менен дүйнөлүк деңгээлде таанылган актриса. Ал көрүүчүлөргө «Карга» (1994), «Кызыл бурч» (1997), «Анна жана король» (1999), «Такси 3» (2003), «Асман капитаны жана келечектеги дүйнө» (2004), «Адреналин 2: Жогорку чыңалуу» (2009) сыяктуу тасмалардагы ролдору аркылуу кеңири белгилүү болгон.
Актриса көп жылдык чыгармачылык жолунда ондогон көркөм тасмаларда жана теледолбоорлордо роль жаратып, дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрү менен кызматташкан.
Бай Линдин Кыргызстанга келиши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык деңгээлдеги иш-чараларынын бири болот. Оюндарга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн спортчулар, маданият жана искусство өкүлдөрү, ошондой эле ардактуу коноктор катышат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт. Иш-чаранын негизги максаты — көчмөн элдердин тарыхый-маданий мурасын дүйнөлүк коомчулукка таанытуу, улуттук спорт түрлөрүн, маданиятты, искусствону жана каада-салттарды эл аралык деңгээлде жайылтуу.