www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында автобус катышкан жол кырсыгынан жаш бала жабыркады.
Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-августта саат 20:30 чамасында Көлбаев көчөсүндө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, 2018-жылы туулган бала жолдон өтүп бара жаткан учурда аны автобус сүзүп кеткен.
Жабырлануучу медициналык мекемеге жеткирилип, дарыгерлер тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлгөн.
Алдын ала диагнозу — баш мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы, бет жана дене аймагындагы сыйрылган жаракаттар.
Учурда жол-транспорт кырсыгынын бардык жагдайлары жана себептери такталууда.