www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү Голливуд актёру жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон «Дракон» Уилсон Кыргызстанга келип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат.

Актёр кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда Кыргызстанга келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирген.

Ал өлкөнүн маданияты жана каада-салттары менен таанышып, Көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасын сезүүнү кааларын айткан.

Дон Уилсон мушташ өнөрүнө арналган тасмалардагы ролдору менен белгилүү.

Айрыкча «Кровавый кулак» («Bloodfist») тасмалар сериясындагы ролдору ага кеңири популярдуулук алып келген.

Кино карьерасына чейин Уилсон профессионалдык кикбоксингде ийгиликтерге жетип, дүйнөнүн көп жолку чемпиону болгон.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.

Последние новости