www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Араб Падышалыгында 46-ирет өткөрүлгөн Дүйнөлүк Куран жарышына Кыргызстандын атынан катышып, байгелүү орундарга ээ болгон карылар мекенине кайтып келишти.

Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү, устаздары жана чогуу окуган студенттер тосуп алышты.

Тосуп алуу аземине Азирети муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков, КМДБнын Өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер, имамдар жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Самидин кары Атабаев, Азирети муфтийдин катчысы Кутманбек ажы Орунбаев жана башкалар катышты.

Иш-чарада ийгиликке жеткен карыларга куттуктоолор айтылып, аларга дубалар багышталды.

Белгилей кетсек, эл аралык Куран жарышында Кыргызстандын атынан Расул кары Касиев жети кыраат боюнча, ал эми Муса кары Мирбеков 15 пара боюнча катышып, экөө тең 3-орунду ээлешти.

Последние новости