www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гонконгдон Кыргызстанга контрабандалык дары-дармектерди алып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келинген товарлардын бажы операцияларына мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында "Э.Б.К." ЖЧКсынын дарегине Гонконгдон дарылар келгени аныкталган.

Алып келүүдө товарлар белгилүү ТЭИ ТН коду менен дары-дармек катары декларацияланып, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган. Бирок бул товар аталган товардын кодуна кирбегендиктен, төлөнбөгөн бажы алымынын суммасы 133 миң 408 сомду түзгөн.

Факт тиешелүү органда каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

​​​​​​​

Последние новости