www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сот укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу жабык каралды. Иш дээрлик 8 ай тергелип сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгону белгилүү.

Бүгүнкү күнгө чейин кармалган 27 кишинин 16сы абакта жаткан. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова калган. Ал эми 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш и:штин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости