www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик Думанын Крым аймагынан шайланган депутаты Михаил Шеремет америкалык сенаторлорду «ядролук куралдарды колдонот деп чайкоочулук кылып сындагандан мурда Россиянын аскердик доктринасы менен таанышып чыгууга» чакырды.
Буга чейин америкалык сенаторлор Конгресстин жогорку палатасына «Эгерде Россия Украинага ядролук куралдарды колдонсо анда аны жалпы НАТОго жасалган чабуулга теңөө» туурасында резолюция киргизишкен.
Республикачыл конгрессмен Линдси Грэм «Украинага ядролук курал колдонуу НАТОго колдонгонго барабар» деп эскертти.
«Өлкөбүздүн коопсуздугун коргоодо Россиянын атайын аскердик доктринасы бар. Кайсы учурда кандай курал колдонобуз, ошол жерде так жазылган», - деди депутат Шеремет. Андан ары сөзүн улаган ал: «АКШ сенаторлору мындай чайкоочулукка жол бербеши керек», - деди.
Украина чатагында үчүнү тарап болуп алып, жөн жатышпай курал-жарак жөнөтүп, анын ичинде уранга чыпкаланган замбирек октору менен камсыздап жатышканына нааразы болгон депутат Михаил Шеремет, «Россияга эскертүү бергилери бар, андан көрө алар ядролук триадасы бар мамлекетти жеңе алышат бекен?», - деп суроо салат…
Булак: NazarNews.kg