www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда Google компаниясын мейманканалардын рейтингин жаңылыш түзгөнү үчүн айыпка жыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Франциянын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштык, керектөө жана алдамчылык менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын маалыматына таянып кабарлады.
«Иликтөөнү Атаандаштык, керектөө жана алдамчылык менен күрөшүү боюнча башкы башкармалык (DGCCRF) 2019-жылы баштаган. Буга тиешелүү жактарга Google тарабынан мейманканалардын рейтингинин туура эмес түзүлгөнү боюнча арыз себеп болгон. Google Ireland Ltd жана Google France рейтингди оңдоп, Париждин прокурору менен макулдашкандан кийин 1,1 миллион евро көлөмүндөгү айып пулду төлөп берүүгө макул болду», — деп жазылат маалыматта.
Иликтөөнү DGCCRF 2019-2020-жылдары отельер тарабынан түшкөн даттануудан кийин баштаган.
7,5 миңден ашуун мейманкананын рейтинги автоматтык түрдө чогултулуп, Atout France (Франциянын туризмди өнүктүрүү боюнча агенттиги) Google жана Франциядагы бирдиктүү расмий рейтингди өз алдынча иликтеген.
«Google компаниясы Atout France агенттигинин классификациясын өзүнүн критерийлерине негиздеп алмаштырып койгонун иликтөө көрсөттү. Бирок «жылдыз» жана 1ден 5ке чейинки шкала терминдерин колдонуунун окшоштугунан классификациялоодо жаңылуу болгон», — деп айтылган маалыматта.
Мындан улам аталган башкармалык анын кесепеттерин санап берген.
«Мындай кадам кызмат көрсөтүүнү тандоодо адаштырып, керектөөчүлөргө кесепетин тийгизди. Мейманкана мыкты болсо да башкаларга салыштырмалуу туура эмес рейтингдин айынан төмөнкү класска кирип калгандыктан отель ээлерине зыян келтирди», — деп айтылган комментарийде.
2019-жылдын сентябрынан тарта Google Ireland Ltd жана Google France бул кылыгын оңдогондугу жана платформа эми Atout France эсептеген расмий классификацияны колдонору маалымдалды.
Булак: NazarNews.kg