www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антарктидада муз астынан өзгөчө жаныбарлар табылды

Британиялык окумуштуулар Антарктида деңизиндеги муз катмарларынын астынан губкага окшош белгисиз жаныбарды табышты. Бул тууралуу илимий журналдар жазышкан.  

Окумуштуулар буга чейин Антарктида жээктериндеги деңиз түбүндө бентос (суу түбүндө жашаган организмдер) жаныбарлары жок деп келишкен. Алар Фильхнера муз катмарларын бургулоо учурунда белгисиз жандыктарга күбө болушканы айтылат.

Деңиз үстүндө калкыган муз катмарлары Антарктиданын жээгинен тартып 1,5 миллион чарчы чакырым аянтты ээлейт. Муз каптаган бул деңиз мейкиндиги жер жүзүндө изилдене элек бирден-бир аймак.

Британдык изилдөөчүлөр теннис аянтчасындай көлөмдөгү сегиз жерди бургулашкан, жыйынтыгында бир катар ачылыштар жасалган.

Жээктен 260 чакырым алыстыкта бургуланган жерден деңиз түбүнө чейинки аралык 900 метр болгон. Атайын кабелдин учуна орнотулган видеокамера деңиз түбүндөгү таштарга жабышкан губкага окшош жаныбарларды көрсөткөн.

Жарыксыз аймакта жашай алган организмдердин бул түрү окумуштуулар үчүн күтүүсүз ачылыш болду.

Буга чейин илимпоздор калкып жүргөн муз катмарларынын астындагы -2,2 градус муздактагы караңгылыкта балык, медуза жана криль болушу мүмкүн деп божомолдоп келишкен.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости