www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын тышкы иштер министри Кыргызстан аймагында кармалган Хатлон облусунун Жайхун районунун 14 жашоочусунун тагдыры оң жагына чечилеринен үмүт артууда.

Тажикстан жарандары 11-февралда Кара-Көл шаарында кармалышкан. Министр Сирожиддин Мухриддин билдиргендей, алар мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталышууда.

«Биз Кыргызстан бийлиги менен дайыма тил табышып келгенбиз жана өз жарандарыбыздын укугун коргойбуз. Бул маселе көзөмөлдө, маселе оң жагына чечилет деп үмүттөнөм», -деди министр.

Кара-Көл шаарынын соту 13-февралда Жайхун районунун 14 жашоочусун мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыптап, ар бирин 3 000 доллар айыппул төлөөгө милдеттендирген.

Тажик жарандары 11-февралда Лейлек районунда кармалышкан. Бишкекке автобус менен бараткан жарандарга кирпич заводунан жумуш сунушталган.

Сот чечим чыгарар алдында тажикстандыктарды белгисиз кишилер алдап кетишкенин, алар пандемияга байланыштуу Кыргызстан аймагына уруксатсыз кирүүгө тыюу салынганын билбегенин эске алган.

2020-жылы апрелде Кыргызстан менен Тажикстан коронавирус пандемиясына байланыштуу мамлекеттик чек араларында көзмөлдү күчөткөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости