www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Женевадагы Mangeat Attorneys at Law жактоочулук борборунун башчысы Грегуар Манжа Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гулнара Каримова менен жолукканы колонияга барып абалы менен таанышып кайткан.

“Каримова менен жолугуп кайттым. Анын абалы оор.  Кан басымы жогору. Бир нече жолу эс-учун жоготкон. Ал медициналык жардамга муктаж” - деген Грегуар Манжа Twitterдеги баракчасына.

Андан сырткары жактоочу, анын өз башымчалык аракеттерин токтотууга чакырган. Бирок мындай маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы четке каккан.

Эске сала кетсек, Гулнара Каримова ушул жылы 5-мартта камакка алынып күчөтүлгөн тартиптеги колонияга жеткирилген.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент шаары

Последние новости