www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамптын Гренландияны өз өлкөсүнүн 51-штаты кылып кошуп алууну максат кылган өкүм зордугу жөн жеринен эмес. Түпкү негизги көздөлгөн стратегия, Гренландиянын табият байлыктарына ээ болуу.
Анткени Гренландия дүйнөдөгү эң ири жана ресурстарына бай аралдардын бири. Мында литийдин, сейрек кездешүүчү элементтердин, башка металлдар менен ири көлөмдөгү нефть-газдын кору бар. Айрыкча, муз каптаган катмарлардын астында жайгашкан сейрек кездешүүчү элементтер дүйнөлүк энергетикалык технологиялар үчүн өтө маанилүү.
Гренландиянын нефтегаздык жана минералдык потенциалы Дания менен АКШны жаңы коммерциялык жана экологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө түрткү болду. Болжол менен аралдын түндүк-чыгыш бөлүгү 31 миллиард баррель мунай эквивалентине жакын гидрокарбондорго ээ деп эсептелет. Бул көрсөткүч АКШнын бардык далилденген мунай коруна жакын.
Мындан сырткары, диспрозий жана неодим сыяктуу сейрек кездешүүчү элементтердин корлору дүйнөлүк керектөөнүн төрттөн бирине жетет деп болжолдонууда. Бул элементтер электрдик транспорт, шамал энергиясы жана жогорку температурадагы магниттер үчүн алмашкыс болуп саналат.
Ошентип, Гренландиянын геосаясий мааниси менен табият байлыгы бириккенде, дүйнөлүк рынок үчүн өтө чоң стратегиялык аймакка айланууда. Трамптын кызыгуусу чындыгында экономикалык жана технологиялык кызыкчылыктар менен байланыштуу экенин көрсөтүүдө.