www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грекия кургактагы жана Түркия менен деңиз аркылуу чектешкен чек арадагы көзөмөлдү күчөттү. Грек бийлиги Түркиянын Түштүк-чыгыш тарабында жана Сириянын түндүк-чыгыш тарабында кыйратуучу жер титирөөдөн кийин үйлөрүн таштап кеткен качкындардын жаңы толкунун күтүүдө. Бул тууралуу The Guardian кабарлады.

Грекия бийликтери адамдардын күтүлгөн агымын токтотуу үчүн өзгөчө бир чараларды көрүштү. Миграция министри Митаракис байкоо тутумун бекемдөөгө жана чек арага кошумча тосмолорду курууга үндөдү. Грек-түрк чек арасын Эврос аймагында көзөмөлдөөгө жүздөгөн чек арачылар кызматка чыкты. Өлкө бийлиги - эгерде гуманитардык жардам көрсөтүлбөсө, анда Түркиянын көптөгөн тургундары Европага кетишет деп болжошууда.

"Миллиондогон адамдарды массалык көчүрүү - көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес. Мындай кырдаалдын алдын-алып, Түркия менен Сирияга тез аранын ичинде жардам көрсөтүү керек", - деди Митаракис.

Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн кийин Европага өтүүгө аракет кылган качкындар бир гана Грекияга багыт алышпайт. Алсак, 26-февралда Италиянын Калабрия жээгинде кеме ташка урунуп, 59 качкын, анын ичинде 12 бала каза болгон. Аман калгандардын айтымында, Түркиядан сүзүп келген кемеде 140тан 150гө чейин адам болгон. Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, 81 адам аман калып, 20 адам ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости