www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Путин менен Жапаровдун сүйлөшүүсү эки өлкөнүн маанилүү долбоорлорун жандандырат», - деди бүгүн, 25-майда NazarNews маалымат агенттигине Орто Азия боюнча эксперт Григорий Михайлов.

«Эки дос өлкө маанилүү маселелерди талкуулап, экономикалык долбоор, коронавирус менен күрөшүү жана Фергана өрөөнүндөгү чегара тууралуу талкуулашты.

Ошондой эле, чек араны күч менен эмес дипломатия жолу менен чечүү керек экендигине токтолушту.

Өз кезегинде Путин «чегара маселесинде Орусиядан көз каранды жардамдын баарын берем», - деди.

Григорий Михайлов эки мамлекеттин ортосунда топтолуп калган маселелер Садыр Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү орус кыргыз мамилесинин оңолушуна, энергетика жаатындагы долбоорлордун ишке ашышына, аскердик өнөр жай комплекстерин, логистиканы, байланыш, маалымат технологиясын жогорку деңгээлде чечилүүнү талап кылуучу нерсе деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости