www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына чет элдик укук коргоо органдарына алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында  Грузиянын ИИМнин патрулдук милиция Департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе келишти.

Бул мааалымат тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган эксперттер бир жума бою Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматына сынактан өтүп, учурда билим алып жаткан талапкерлерине, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, ЖКККББнын, Бишкек шаардык жана Чүй областык ИИББнын кызматкерлерине сабак өтүшөт.

Кайрадан түзүлгөн патрулдук милициянын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан бери ИИМдин Академиясында билим алып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости