www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бийликти күч менен басып алууну көздөгөнүн айтты. Ал мындай маалымат алдын-ала алынганын жана ага бөгөт коюлганын билдирди:

- 8-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары саат 16:00дө «Форумдун» алдына чогулуп, анан кечинде бийликти мыйзамсыз басып алуу, массалык башамандык уюштуруу, талап-тоноо максаттары бар экендиги бизге маалым эле. Кечинде Бишкек шаарынын борбордук аянтына 1500дөй жаран топтолуп келди. Жаш балдар, баңгилер жана соттолгондор менен бийликти алып, шаарды тоногонго аракет кылышты, - деген Кашкар Жунушалиев.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы 8-9-август түнү болгон окуялар боюнча 40тан ашуун киши кармалганын билдирген. Милиция алар Жогорку Кеңештин имаратына, супермаркеттер менен соода борборлоруна кирүүгө аракет кылышканын кабарлаган, деп Азаттык жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ишке ашпай калган. Кагылышуу болуп, бир топ адам жарадар болуп, бир офицер каза болгон.

Эртеси, 8-августта, кайрадан кармоо операциясы жүргөн, жыйынтыгында, экс-президент ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүп, колго түшүп берген. 9-августта анын баш коргоо чарасы каралып, августтун аягына чейин камакта калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости